Бел ооруса эмне кылыш керек?

Бел ооруса эмне кылыш керек?

09-бирдин айы, 2019-ж // //

Чыгыш медицинасында дары чөптөр менен ооруган жерди дарылап гана койбой, бүтүндөй организмди калыбына келтирсе болот.
Пайдалуу кошулмалар:
1 стакан сууга 50 грамм күрөң ит мурун, 50 грамм кара карагат жемиштерин кошуп кайнатып, күнүнө 1-2 стакандан;
четин менен күрөң ит мурун жемиштеринин ар биринен 50 граммдан алып, күнүнө 1-2 стакандан кайнатып, чай катары ичсе болот.
Ар бири 50 грамм күрөң ит мурун менен кадимки бүлдүркөн жемишине 1 стакан суу куюп тундурат. Тунманы жылы бойдон стаканга куюп алып, күнүнө 3 жолу витамин катары ичсе болот.
Ит мурун (шиповник) менен кадимки малина жемиштеринен 50 граммын жыйнап алып, 1 стакан кайнаган сууга салып тундурат. Тунманы күнүнө 3 жолу витамин колдонсо өтө пайдалуу.

Элдик медицина салт боюнча төмөндөгүдөй эмдөө ыкмаларын колдонот.
2 кызыл ачуу перецти алып, майдалап туурап. Ага 300 мг нашатрь спиртин куюп, караңгы жерге 2 жума коюш керек. Күн сайын идишти шайкап аралаштырып отуруш керек. Даяр болгон тунма менен дeнeнин ооруган жерин укалап туруш керек.
10 грамм хмелге 1 стакан кайнаган суу куюп кайнатып, даяр болгон тунма менен ооруган жерди укалап туруңуз.
Майдаланган лавр жалбырагына 200 грамм күн карама майын куюп, 2 жума караңгы жерге коюш керек. Юул тунманы компресс үчүн пайдаланууга же нерв тамырлары жабыркаган дене мүчөсүнө сүйкөңүз.
Ошондой эле, мумиенун 0,15-0,2 грамын күнүнө 3 ирет 10 күн боюу ичсе болот. Ортого 10 күн эс алдырып, 3 курс алыш керек. Ооруган адамдар катуу тактай төшөлгөн керебетке кызыл жүн жер төшөк төшөп жатыш керек.
Тибет-Кытай медицинасынын үлгүсү боюнча оору адамдардын кой жана чочко бөйрөгү менен тамактануу туура делет.
БУЛАК:zaman.kg