Бек Борбиев: «Өнүкпөгөнүбүзгө өзүбүз күнөөлүү, добушту сатып же жердештик кылып шайлаганбыз»

Бек Борбиев: «Өнүкпөгөнүбүзгө өзүбүз күнөөлүү, добушту сатып же жердештик кылып шайлаганбыз»

28-бирдин айы, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева
Доллар көтөрүлүп жатат деп нааразы болгон жарандарга кыжыры келген Бек Борбиев фейсбук баракчасына өз пикирин жазып чыкты. Анда шайлангандар топук кылбагандан улам мамлекет ушундай абалга тушугуп жатканын баса белгилеген.
«Доллар өстү сом түштү деп айгайлагандарга  сиздер кимге кайрылып кыйкырып атасыздар? Аны Садыр Жапаров каалаган күндө да кармап туралбайт, акчасы да жетпейт. Путингеби же Байденгеби, аларга биздин тагдырыбыз кызыктуу эмес, кааласан бүгүн мамлекетти таркатып басып кетсең да баары бир.  Сомдун тагдыры келип эле өзүбүзгө такалат. Сом туруктуу болуш үчүн мамлекет күчтүү, бай  жана эч кимге көз карандысыз болушу керек. Азыр бизде ушул экөө тең жок. Кытайдын бир районундай болгон мамлекетти бир айда түз жолго салып койсо болот эле, жок анте албай келатабыз. Биз ишенген, биз шайлаган адамдар тойбой келет. Мына жакында же кечээ шаарда өткөн шайлоо буга далил болду. Кайра эле добуш сатабыз. Добуш сатпагандар кайдыгерлер, алар шайлоого сүйрөсөң да барбайт. Анан албетте өнүкпөйбүз. Өнүкпөгөн соң башка бирөөгө көз каранды болобуз. Андыктан сом байкуш арзандаганы арзандаган. Оорунун өзүн эмес, себептерин дарылоо керек дешет врачтар, ошол сынарындай эле биз дагы өлкө сазга батканын эле айта бербей, анын себептерине көңүл бурсак.. А себеби ошол, өзүбүздө. Анткени добуш сатабыз, же барбайбыз, барсак да өзүбүздүн жердеш же тууганыбызга келесоо болсо да добуш беребиз. Тартипти сүйбөйбүз. Базаркомду философ көрөбүз. Өзүбүз билбейбиз, үйрөтсө жаман көрөбүз. Жаратман эмес бүлүндүргөн адамды туу тутабыз.  Өзүбүздөн баштайлы, сом ошондо туруктуу болот»-деп жазган.