
Банандын сиз билбеген пайдасы
31-бугу, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваБанан (лат.Musa) — Көп жылдык өсүмдүк банан чоң чөпкө окшоп кетет. Анын бийиктиги 3-4 метрге жетип, 250-300 гө жакын мөмө бере алат. Бул өзгөчө чөптүн сөңгөгү жер астында жайгашып, жердин үстүндөгү бөлүгү кабат жалбырактардан турат. Андагы бардык мөмөлөрдү кошкондо 50 килограмм, же андан көп болушу мүмкүн. Мөмөнү быша элек кезинде кесип алышат. Андан кийин атайын даярдалган жылуу бөлмөдө сакталып, биз билген сары түскө келет.
Банан өтө пайдалуу жемиштин катарын толуктайт. Анын курамы: сахароза, фруктоза жана глюкоза витаминдерине бай. Аны ач карын жесеңиз сизди бат эле тойгузуп коет. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып билдирет
Ал организмдеги углеводдорду калыбына келтирип, жеңил азык катары колдонулат. Банандын дагы бир өзгөчөлүгү ичеги карында пайда боло турган ар кандай жаралардын алдын алат.
Муну менен бирге организмдеги кычкылданууну жөнгө салып, ашказан ооруларынан сактайт. Банандын курамы E, C, B6 витаминдерине бай. Ал витаминдер нервти, кандагы глюкозаны жана кычкылдануу балансын сактап турат. Көбүнчө ашыкча салмактан арылууда жана стресс учурунда колдонсо болот.
Банандын жегенден соң, апетитиңиз ачылып, ар дайым сергек жүрөсүз.
Медициналык жактан алганда курамындагы калий-мээге, жүрөккө жана сөөк мундарына жакшы.
Күнүнө бир даана банан жеп, организмди 400 килокалорий калий менен толуктай алабыз.
Булак: Аргумент кж