Коом

Балалуу боло албай калдым, күйөөм никесиз кызына кетип калабы деп корко берем

Күйөөм менен эки жарым жылдан ашуун сүйлөшүп бири-бирибизди таанып жүрүп баш кошконбуз. Кудайга шүгур материалдык каржылыктын баарын жеңип чыктык. Үч жыл аралыгында экөөлөп үй тургуздук, оокат жыйнадык, бирок балалуу боло албай койдук. Учурда барбаган жерим, көрүнбөгөн дарыгерим калбады. Жолдошум деле балалуу боло албадык деп мени күнөөлөгөн жок. Бирок ичимден мени жеген бир нерсе ал күйөөмдүн бир кездеги никесиз төрөлгөн кызы. Аны күйөөм билсе да азыркыга чейин кызды өз кызым деп мойнуна албайт. Кыздын апасы болсо бир кезде мени менен бирге иштеген эле.  Кыз азыр биринчи класста окуйт. Кээде күйөөмө айтпай кыздын апасы менен жолугуп, кызга кийим кечеден жардам берип калам.  алар менен мамилем жакшы болгону алар да биздин жакындыкты күйөөмдүн билишин каалабайт. Ошол себептен улам көп нерсени күөөмөн жашырып келем. Кыз күйөөмдүн өзү. Биз балалуу боло албасак күйөөм эртели кечпи кызына кетип калат деп корко берем.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *