Саясат

Атамбаевдин мурунку кайын энеси: Алмаз бир гана таза президент

Бүгүн, 17-сентябрда, Кой-Таш айылындагы Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаевдин резиденциясында тарапташтары туулган күнүн белгилешти.

Чогулгандардын алдына 86 жаштагы Гүласал Тенизбаева – Атамбаевдин мурунку кайын энеси (биринчи аялынын апасы) чыгып сүйлөдү. Анын айтымында Алмаздын эч кандай күнөөсү жок.

“Азиз Батукаев чыныгы мырза болсо, эртелби-кечпи Кыргызстанга келип, Атамбаевден кечирим сурайт. Анын үй бүлөсүнө жана өзүнө тийгизген залакасы үчүн”, – деди Теңизбаева.

Досту ант урат, куданы бата урат! Сооронбай Жээнбековду ант урсун, убагы келгенде убалына жетет.

“Инаугурация учурунда Жээнбеков Атамбаевди эч качан унутпайм, деп айткан, унутсам мени кудайды унутту дей бергиле деген. Мына эми кудай алдында жооп берет”, – деди ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *