Алмазбек Атамбаев менен жан сакчылары кармалды

Алмазбек Атамбаев менен жан сакчылары кармалды

10-тогуздун айы, 2020-ж // // Айпери Осмоналиева

Бүгүн, 10-октябрда Кой-Ташта Алмазбек Атамбаев, Канат Сагымбаев жана Дамир Мусакеев кармалды. Алар Бишкекте баш аламандык уюштуруу боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында УКМК жана ИИМ тарабынан кармалган.
УКМК учурда башка катышуучуларды да кармоо иштери улантылып жатканын билдирди.
Мамлекеттик коргоо кызматынын мурунку кызматкерлери Дамир Мусакеев менен Канат Сагымбаев Атамбаевдин жеке жан сакчысы болгон.
Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева АКИpress агенттигине билдирген маалымат боюнча, Кадыр Атамбаев менен Сейид Атамбаев жана Темирлан Султанбеков, айдоочу кошо кармалды.
Кийинчерээк УКМК Алмазбек Атамбаевдин жакын адамдарынан эч ким кармалбаганын билдирди. Басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, абактан мыйзамсыз чыгарылган Алмазбек Атамбаев, жан сакчылары Мусакеев менен Сагынбаев кармалган.