АКШ Атамбаевге болгон таарынычын Жээнбековдон чыгарып атабы?
23-үчтүн айы, 2020-ж // //Кечээ түнү дүйнөлүк чоң жаңылыктарда кайра мекенибиздин аты аталды. Дональд Трамп келерки дүйшөмбү күнү жарыялачу АКШга визага тыюу салынчу мамлекеттердин тизмесинде Кыргызстан дагы бар экен. Бул кабар АКШнын жергиликтүү жана дүйнөлүк ММКларында кенен тарап, «дуу» эле болуп калдык. Кээ бир түшүнбөгөндөр муну «АКШ азыркы бийликке нааразы экен» дешип, кайдагы бир геосаясый себептерди издеп башташты.
Чындыгында, бул Алмазбек Атамбаев жана Сапар Исаковдун бир тараптуу, сокур саясатынын кесепети. Так ошол өткөн өкмөт АКШ менен кызматташууну толук тоңдуртуп койгон. Анан Дональд Трамп кайсы бир жаңы мамлекеттердин тизмесин талап кылганда, АКШнын ички иштер департаменти жана Пентагон Кыргызстанды сунуштаганы таң-калычтуу эмес. Биздин мамлекет Иран жана Венесуэла катары каралып калганы, бул АКШ менен биздин атайын кызматтар толугу менен кол үзгөнүндө. Дүйнөлүк супер держава мындай мамилени кечирбейт жана жөн койбойт. Алар үчүн «ким биз менен болбосо, алар бизге каршы» деген көз карашын карманганы эчактан эле белгилүү.
Сапар Исаков тышкы иштер боюнча кеңешчи катары Атамбаевди бир гана Россияга сыйындыртып жүрүп, бүт башка мамлекеттер менен алыстатканын жакшы билебиз. Жаңы бийлик азыркы учурда Тажикстан менен Казакстандан мисал алыш керек. Алар ОДКБга активдүү мүчө болсо дагы, АКШ менен терең кызматташуу программаларына тынбай катышышат. Өзбекстан жүз миллиондогон долларга курал-жарактарды дайыма алып турушат. Өткөн аптада эле АКШ Тажикстанга жардам көрсөттү. Биздин башкы штабдын генерал сөрөйлөрү ошону көрүп атышты бекен?..
Булак: “АЗИЯnews”