Айчүрөк Камаева: «Бакиевдин сүрөтүн музейден алууга эркиңиз жетпесе, өз элинин канын төккөн деп алдына жаздырып коюңуз»

Айчүрөк Камаева: «Бакиевдин сүрөтүн музейден алууга эркиңиз жетпесе, өз элинин канын төккөн деп алдына жаздырып коюңуз»

24-жетинин айы, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

Ьарых музейинде илинип турган Курманбек Бакиевдин сурөтун алып салуу талабын Апрель ыңкылабынан атасын жоготкон “Баатырлардын үмүтү” коомдук уюмунун жетекчиси Айчүрөк Камаева  президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасады. 

Ал өз сөзүндө өлкөдөн качып кеткен мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бардык портреттерин Тарых музейинен алып салууну талап кылууда.

«Сүрөттөрдү алып салууга саясый эркиңиз жетпесе, анда кан соргуч, таш боор адамдын сүрөтүнүн астына: «Ал өз элин кырып, Ала-Тоо аянтында кан төгүп, 500дөй адам жарадар болгон» деп жазуу керек дейт .