Казакстандагы массалык башаламандыкка байланыштуу кармалган Баялы Төрөгелдиев эч кандай ур-токмокко алынбаганын билдирди. Бул тууралуу видео социалдык тармактарда тарады. Чымкент шаарында кармалган Баялы Төрөгелдиев азыркы учурда үйүндө. Ага эч кандай басым жана коркутуу болгон эмес.
Эске салсак, Акыйкатчы институту Чымкент шаарында Кыргызстандык Баялы Төрөгелдиев кармалып турганын, ага медициналык жардам керек экенин айтып чыккан