Эрим тепкилеп турбаса буулугуп кетем. Молдонун дубасы да өтпөй калды…

Эрим тепкилеп турбаса буулугуп кетем. Молдонун дубасы да өтпөй калды…

24-тогуздун айы, 2020-ж // // Айпери Осмоналиева

Күйөөм мени алган күнү эле мас болуп алып сабаган. Жаштык кылып көп катачылыктарды

кетирдим. 17 жашымда келин босом, азыр 45ке чыктым. Бирок, баары кеч экенин түшүндүм. Мектепти бүтүшкөн эки балам жогорку окуу жайына окуй алышпай, кара жумушта, курулушта иштешет. Күйөөм болсо дагы эле ичет, бир ай таяк жебей калсам, буулуга баштайм. Жинди болдумбу? Мени ушуга көндүрүп салыптыр. Айылда экөөбүз турабыз. Балдарым ай сайын тыйын берип турушат. Алар да мектепти бүткөнү ушундай жашоодон тажашып, шаарга иштегени кетишкен. Менин мээмди жаш кезимде эрим чайкап койгон окшойт. Башым ооруп турат, кабыргаларым, колу-бутум, сынбаган жерим калган жок. Өзүм да тилимди тартпайм. Өмүр бою үйдө жаңжал, тытышып эле жашап

келатам. Бир топ убакытка тепки жебей калсам, буулугуп, жаман боло баштайм. Бул оорубу? Же мен чын эле жинди болуп

баратамбы? Молдого да үч-төрт жолу баргам. Дуба да өтпөй калгандай сезилет. Эмне кылсам болот?

Бактыгүл, Балыкчы

Aryba.kg