Айнура Сагынбаева: “И-ий, жолдошум ойнош күтүп алыптыр. Мени чанып кетти”

Айнура Сагынбаева: “И-ий, жолдошум ойнош күтүп алыптыр. Мени чанып кетти”

28-баш оона, 2020-ж // // Айпери Осмоналиева

Косметолог Айнура Сагынбаева айымдар үчүн ар убак кеңештерин берип келет. “И-ий, жолдошум мени менен жатпай жатат, “тиги жагың чоң” деп. Аябай жаман болуп жатам. И-ий, жолдошум ойнош күтүп алыптыр. “Сеники чоң, жаткым келбейт” деп чанып мени…”
Ушундай көйгөйлөр менен биздин клиникага күнүгө көп айымдар келет. Бала көтөргөндө, кош бойлуу кезде жатындын жана кындын булчуңдарына өтө оордук келет. Ошол булчуңдар бошоп кетип, органдар ылдый түшүп кетет. Капталдары дагы чоюлат. Калыбына келтириш үчүн кайра тигиш керек. Көнүгүүлөр, лазер жаңы башталган же жеңил түрүндө гана жардам берет. Операциядай жыйынтыкты бере алышпайт, анткени операциядан кийин кыздыкындай тыкан жана кичинекей болуп калат. Жыныстык катнашта аял көбүнчө бир баланы төрөгөндөн кийин кумарланууну (оргазмды) сезе баштайт. Бирок ошондо дагы кыны бошоп, чоңоюп кеткендиктен көбү ал эмне экенин дагы билбей калышат.
Кольпорафия жасатып кеткен кардарларыбыздан сурасак, операциядан кийин жаңы сезимдер пайда болуп, жолдошу менен жыныстык жашоосу жаңырып, сүйүүсү дагы жанданат экен…”