440 килограммдык балбан 100 килограммдан кем эмес салмактагы жубай издейт

440 килограммдык балбан 100 килограммдан кем эмес салмактагы жубай издейт

22-үчтүн айы, 2020-ж // //

440 килограмм салмактагы пакистандык балбан 100 килограммдан аз эмес жубай издейт. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.
Маалыматка ылайык, 27 жаштагы Арбаб Хизер Хайат акыркы бир нече жылдан бери 200дөй кыздын мамиле куруу сунушунан баш тарткан. Анын себебин балбан кыздардын  арыктыгы менен түшүндүргөн. Ал өзүнүн салмагына ылайыктыы кыз издейт.
“Ата-энем менин үйлөнүп, аларды неберелүү кылуумду каалап жатышат. Бирок азырынча өзүмө ылайыктуу кыз таппай жүрөм. Менин боюм 198 сантиметр болгондуктан, жубайымдын бою 193 сантиметрден кем болбоосу керек”- дейт ал.
Хайат болочоктогу жубайынын даамдуу тамактарды түрлөп жасоосу маанилүү экенин айткат. Балбан 1 күндө эрте менен 36 жумуртка, күн ичинде 3 килограмм эт, 5 литр сүт жана бир нече мискей күрүч жейт. Көп тамактанганына карабастан балбандын ден соолугу чың.
Хайат оор атлетика боюнча эл аралык сынактардын катышуучусу. Ал тракторду жипке байлап салып сүйооң видеосу аркылуу атактуу болгон-деп БарсМедиа жазып чыкты