Мирбек Атабековдун ыштан жөтөлү күчөп, чет өлкөгө чыгып кетти

Ырчы Мирбек Атабеков Америкага учуп кеткени коомчулукка белгилүү эле. Бирок анын ыштан анда жөтөл пайда болуп кыйналып келген. Ошол себептен улам бул жылы да Бишкектен тышкары чыгып кеткенин жубайы  Мээрим Төлөпберген Twitter баракчасына жазды.

​»Бизди эч ким коркутуп үркүткөн жок. Болгону чет өлкөгө менин жеке иштерим боюнча чыгып кеттик. Ал эми Мирбек болсо Бишкектин ышынан качат. Акыркы үч жылдан бери жаңы жыл алдында же кийин сыртка чыгууга аракет жасайбыз. Себеби ушундай жол менен гана Мирбектин катуу жөтөлүн токтотуу мүмкүн», — деди ал.


Сиздин пикир