Марипов Матраимовдон алынган “Эльдорадону” кайсы кызматка бергени жатат

Раим Матраимовдун Бишкек шаарында жайгашкан “Эльдорадо” соода борбору мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы калкты тейлөө борборуна берилет. Бул тууралуу өкмөт башчы Улукбек Марипов калкты тейлөө борборунада өз сөзүндө кошо камтып кеткен.

Буга чейинки маалыматта, 24-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов мамлекетке келтирген чыгымды төлөгөнүн айтып чыккан. Анда төлөмдүн бир кыймылсыз мүлк катары кайтарып берген эле. Матраимов бир нече батир менен кошо Бишкектеги Жибек-Жолу көчөсүндө жайгашкан “Эльдорадо” соода борборун мамлекетке берген.


Сиздин пикир