Депутат Жолдошбаев спикердин кабинетинде миллион сом төлөп олтурат

5-октябрдын түнүндө саясый окуялардан улам Жогорку Кеӊештин имаратынын ичи, айрыкча депутаттардын кабинеттери бир топ талкаланганы жалпыбызга маалым. ЖК депутаттары октябрь айынын айлыктарын жана айына берилчү фонддогу (депутаттын чыгымдарына каралган каражат) акчаларын Ак үйүдүн ичин оӊдоого беришкен. Айрым депутаттар 2 айлык маянасын толук беришкени маалым болду. Бир катар депутаттар кабинеттерин толугу менен өз эсебинен оӊдошкон.

Ал эми Ак үйдө президенттин кабинетинен кем калбаган өтө кенен жана жакшы жасалгалуу кабинет — бул Жогорку Кеӊештин спикеринин кабинети болуп эсептелет. Ал кабинет дагы бир топ талкаланган. Мына ошол спикердин бакыйган кабинети айрым акчалуу депутаттардын ортосунда талашка түшкөнү тар чөйрөдө талкуу болгон. Себеби, ЖКнын Иш башкармалыгы кабинеттерди оӊдоо үчүн Ак үйдүн 7-кабатындагы спикердин кабинетин «аукционго» койгондой… Натыйжда бир катар депутаттар Иш башкармалыкка жүздөгөн миӊ сом төлөп, спикердин кабинетин ээлеп, иштөө ниетин билдиришкен экен. Жыйынтыгында жеӊүүчү кадимки Камчыбек Жолдошбаев болгон экен.

Жолдошбаев Иш башкармалыкка — миллион сом төлөп бергени айтылууда. Албетте, ал акча кабинетти оӊдоо максатында берилсе керек. кыскасы, бүгүнкү күндө Жогорку Кеӊештин спикеринин кабинетинде Жолдошбаев бакыйып өзү олтурат. Бирок өзү олтурат дегенибиз менен ал парламентке анчалык көп бара бербейт. Ушул себептен, биз аны иш ордунан таба алган жокпуз жана бир нече жолу чалган телефон чалуубузду албады. Болгону биз өз оозунан мына ушул маселенин чоо-жайын тактайлы дегенбиз. Арийне, биз кабинетке баш багып, береги сүрөттү далил үчүн тарттык.

Мамлекеттик эреже боюнча спикердин кабинетине спикер өзү олтурбаса, анын орун басарлары, же фракция лидерлери, эч болбосо комитет башчылары олтурушу керек. Айтор, спикердин кабинетине жөнөкөй депутаттын олтуруп, иштеп жатышы тарыхта биринчи жолу болуп жатса керек…

Сөз соӊунда мамлекетке ушул жагынан да жардам берип жаткан байкебизге ден -соолук каалап, бали деп коелу… Болбосо спикердин дайрадай кабинетин оӊдоого олчойгон акча бюджеттин эсебинен кетип калышы деле ажеп эмес эле…

https://www.instagram.com/p/CKVXsuenNAm/

Чагылган.кж


Сиздин пикир