Гүлжигит Токтошев: “Азыр алкаш менен молдодо айырма жок…”

Мындай пикирин жеке ишкер Гүлжигит Токтошев өзүнүн фейсбук баракчасына жазды:
Илгери ар бир айылда бирден молдо болот эле . Ошол молдону айлдын баары сыйлашчу.
Ичип алгандар молдону көрсө бекинип калышчу,сыйлачу…
Себеби ал кездеги молдолор эл көзүнө эмес чыныгы, акыреети ойлогон молдо болушкан.
Атеизм доорун сүргөн ссср убагында да намазын окуп, аксакалдарды кадырлап, өзү молдо болгонуна карабай улуунун батасы тиет деп,колун жайып бата тилеген касиеттүү молдолор болгон. Кайран ыраматылык союз заманы аттиң ай…
Сойуз таркап эгемендик алдык деп кубанган аталар эсимде. Өзүбүздүн салтыбыз, өзубуздун наркыбыз менен жашайбыз деп кубанышкан аталарыбыз.
Кээ бир аталар балдарын медреселерге жөнөтүштү динибизди өнүктүрөлү дешип .алды самакандга арты ноокатка. Самарканда ноокатта окуган молдолор,биз көргөн биз билген молдолордой эле дин тууралуу сабактарды өтүшүп элдин үмүтүн актай башташкан … анан эле арабиядан, пакистандан ,каирден дагы кайерден бүтүп келиптир деп молдолор пайда боло башташты. Эски молдолор туура эмес ,улутка бөлүнбөш керек кыргызмын дебегин арам болот .
Өлгөнгө өкүрбөш керек,жетилик кыркылык өткөрбөгүлө ,эрте менен өлсө түшкө чейин көмүш керек. Сүннөт экен деп ээктерине сакал койуп, муруттарын кырып чыгышты. (Бизди чоң аталар; атаң тирүү кезде сакал койбо , салтка туруу келбейт дешчү эле) Бата деген туура эмес дуа дегиле ,дубаны ак аксакалдар эмес, жаш болсо да арапча билген берсин ,болбосо дуа түшпөйт дей башташты.
Тушоо кескен болбойт, умай эне колдосун деген аллахка шерик болуп калат, бул ширк болуп эсептелет, ысырык салба ,жети токоч болбойт, Манас жомок болгон аны пайгамбарга шерик кылба ,күү уккан арам дагы ушуга окшогон сөздөр…айтоор башталды…
Анан дааватчы дегендер чыкты . Мен эскертүүчүмүн мусулман бир тууганым деп баштайт,сөзүнүн аягы жок. (Алкаштар дагы тосту жакшы баштап аягын таппай калып сөгүнө баштайт го ) Кайдагы атаң тааныбаган араптардын атын кошуп хадис деп кыргыздын эле жомокторун жорголото башташат. Кызык жери сүйлөп жатып ыйлап жибергендеричи ,артист болсо кыйратмак экен деп ойлоп каласын.
Алкаштар мас болуп ыйлайт го , мен сен үчүн өлүүгө даярмын депчи… дааватчы да сопсоо туруп эле шолоктоп жибергенде мас менен молдонун айырмасын таппай айраңсын… алкаш эртеси башы ооругандан кайра эле арак менен баш жазгандай ,дааватчы деле эртеси жанагы жадатма хадисин баштайт . Жогоруда айтып өткөндөй ссср кезинде молдолор кадырлуу касиеттүү эле дегендей , азыр анча мынча ичкен аталар айтып калышат,союздун арактары жакшы эле баш оорубайт эле, азыркы арактар башыңды экиге бөлүп салат деп …
Менин айтайын дегеним. Динибизди салтыбызга шайкеч кармансак…
Чымчык сойсо да касап сойсун дегендей ,
Динди окуп билим алган, салт менен динди айкалыштыра алган молдолорубуз башкарса.
Билип билбей ,бөрк ал десе баш алгандай аша чапкандарга тыйуу салынса деген ойдо айттым. Салт деген динди да өзүнө камтыырын билбегендерге айттым.
Теманы атайын ушундай койдум, теманы окуп калганын аягына чейин окуур бекен деген үмүттө. Кимдир бирөөнүн абройуна шек келтирейин деген ойдон алысмын.
Аша чапкан фанат молдолор менен алкаштарды салыштырдым…
Динибиздин ыйыктыгын!
салтыбыздын улуктугун!
Кыргыз деген улутубуздун,
билели КЫРГЫЗ бийиктигин!!!
динибизди сактайлы!
Тилибизди сатпайлы !
Салтыбызды барктайлы!
Абиирибизди чачпайлы!
Молдо болсоң, молдо бол жолуң менен!
Салтты бузуп, орок орбой оозуң менен…
Кылымдарды карыткан ата салтын, ойрон кылба кыргызым колуң менен!
Ичкендер ичкиликти таштайлы.
Кымыз ичип, кыргызча эле жашайлы !
Бөтөлкөнүн түбүнө түшкөнчөктү.
Жайнамаздын үстүндө,биз намазды баштайлы!-деп жазды ал

Сиздин пикир