Зордолуп каза болгон кыз, бир үйдүн жалгызы болгон

Зордолуп каза болгон кыз, бир үйдүн жалгызы болгон

06-аяк оона, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Баткенде зордукталып, өлтүрүлгөн кыздын ата-энесинин Орусияга кеткенине 20 гана күн болгон. Кыз таенесинин колунда калган. Ага чейин ал ата-энеси менен чогуу жашаган. Бул тууралуу Sokol.media порталына кыздын атасынын бир тууганы Үсөн Мурзадиллаев билдирди.

Буга чейин социалдык тармактарда кыздын ата-энеси миграцияда жүргөнү, ал кароосуз калганы тууралуу маалыматтар тараган болчу. Бул маалымат чындыкка дал келбейт дейт Мурзадиллаев. Каза болгон кыз үй-бүлөдө жалгыз кыз болгон. Аны окуя болгон күнү эртең мененки саат 9:30да жеңелери көргөн. Акыркы жолу саат 10дор чамасында инстаграм баракчасына кирген. «Окуя болжол менен саат 11,12лер чамасында болгон. Ата-энесинин азыркы абалын сөз менен айтып жеткирүү мүмкүн эмес.

Ал үй-бүлөдө жалгыз наристе болчу. Кызыбызды зордуктап, өлтүргөндөр кошуна айылдын балдары деп айтышты. Шектүүлөрдүн бирөө үй-бүлөлүү, бала-чакалуу экен. Мен аларды, ата-энелерин дагы тааныбайм. Окуя күндүз болуп, аны бир да жан байкабай калганы өкүнүтүү. Биз бул суук кабарды милиция кызматкерлеринен уктук. Кызыбыздын жакындары, ата-энеси күнөлүүлөр жазасыз калбай, мыйзам астында сөзсүз жооп беришин талап кылабыз», — дейт кыздын атасынын бир тууганы.

Эске салсак, 4-сентябрь күнү Кадамжай районунда сел өтүүчү тоннелдин ичинен 14 жаштагы кыздын сөөгү табылган. Ал колу артка жип менен байланып, муунтулган абалда жаткан. Кылмышка шектүү катары Кадамжайдын Халмион айыл аймагынын 24 жаштагы А.у.С., 25 жаштагы М.Ш. жана 27 жаштагы Г.Д. аттуу тургундары кармалган.