Таалайбек Сарыбашевдин Алайга салдырган хан сарайы (ВИДЕО)

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Журналист Ыдырыс Исаков 12-августта Ош жана Бишкек шаарларынын мурдагы мэри Таалайбек Сарыбашовдун атасына салып берген Алай районунун борбору болгон Гүлчө айылындагы хан сарайын видеого тартып келди.

Журналист Ыдырыс Исаков бул жолу Алай районунун борбору Гүлчө айылына барып, элдин көйгөйлөрү менен таанышып, райондун акими менен жолугуп чыкты. Аткарылып жаткан иштер жана пландары боюнча аким менен баарлашкан журналист, көчөлөрдү аралап элет көйгөйүн чагылдырды. Ал арада көчөнүн көркү болгон Ош жана Бишкек шаарларынын мурдагы мэри Таалайбек Сарыбашовдун Алайдагы хан сарайын дагы тасмага тарткан. Журналист бул үй Сарыбашев Ош шаарына мэр болуп баргандан кийин салынып башкаганын ыратады:

«Акыркы 2-3 жылдан бери, Сарыбашев Ош шаарына мэр болуп баргандан бери салынып жаткан үй. Ага чейин мындай болуп салынган эмес»-дейт Исаков.

Ушул жылдын март айынын башында социалдык тармактарда Таалайбек Сарыбашовго таандык хан сарай курулуп жатат делген видео тараган. Тасмадагы маалыматты мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров четке кагып, «Азаттыкка» берген комментарийинде ал курулушка мэрдин тиешеси жоктугун билдирген.

Видеоплеер 00:00 04:08

Андан көп өтпөй Болот Темиров баштаган иликтөөчү журналисттердин «Temirov LIVE» каналы Бишкек шаарындагы курулуп жаткан хан сарай Ош жана Бишкек шаарларынын мурдагы мэри Таалайбек Сарыбашовдун тууганына катталганы тууралуу видео жарыялаган.

Анда журналисттер борбор калаанын Байтик баатыр көчөсүндө жайгашкан имарат 2018-жылдын 16-февралында Осмонова Бурулкан Бакытбековнанын атына катталганын аныктаган.

 

Интернеттеги ачык булактар аркылуу журналисттер Бурулкан Осмонова Таалайбек Сарыбашовдун бир тууганы Патила Сарыбашованын кызы экенин табышкан

Аргумент.kg