«Азаттык” радиосунун кабарчысы, белгилүү иликтөөчү журналист, маркум Уланбек Эгизбаевге дүйнөдөгү чыгаан журналисттерге берилүүчү “David Burke” сыйлыгы ыйгарылды. Сыйлыкты “Глобалдык медиа үчүн америкалык агенттиктин” башчысы Жон Лансинг 6-декабрда Прагада өткөн жыйында “Азаттыктын” командасына тапшырды.
Уланбек Эгизбаев.
Бул сыйлык жыл сайын дүйнөдөгү өзгөчө кесипкөйлүгүн көрсөткөн журналисттерге берилип келет.
Ушул эле күнү Эгизбаевдин “Көрүстөндөгү коррупция” аттуу иликтөөсү “Эркин Европа / Азаттык” радиосунун жылдын мыкты программаларынын бири деп таанылды.
Уланбек Эгизбаев быйыл 22-июлда 28 жаш курагында Ысык-Көлдө эс алып жүргөн кезде каза болгон. Соттук-медициналык экспертиза «журналисттин өлүмүнө сууга чөгүү себеп” деген бүтүмгө келген.
Ага көзү өткөндөн кийин “Эрдик” мамлекеттик медалы да ыйгарылып, Интеллектуалдар альянсынын «Чеч-Дөбө» кеңешинин “Улут абийири”наамы берилген.
Жакында Уланбек Эгизбаевдин «Чындык деп жанган өмүр» аттуу китеби жарык көрдү. Анын электрондук версиясын бул жактан жүктөпалсаңыз болот.