Жумалиевди мыйзамсыз баюга айыптаган Жапыкеевге кылмыш иши козголду

Жумалиевди мыйзамсыз баюга айыптаган Жапыкеевге кылмыш иши козголду

12-бугу, 2020-ж // //

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевди кескин сындап, анын байлыгын текшерүүгө коомчулукту үндөгөн мурдагы прокуратура кызматкери Сыймык Жапыкеевге кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Министрликке Жумалиев кайрылып Жапыкеев деген жаранга мыйзам чегинде чара көрүү тууралуу кайрылган.
“Жумалиевге карата жалган маалыматтарды таратып, анын үй бүлөсүнүн миллиондогон байлыктары мыйзамдарды бузуу менен топтолгонун жана ошондой эле анын байлыгы менен мүлкүн тартып алууга жасаган чакырыктары менен анын ден соолугуна жана үй бүлөсүнүн коопсуздугуна коркунуч туудуруп жаткандыгын көрсөткөн”,
Жумалиевдин арызынын негизинде,  7-май күнү Жазык кодексинин 264-беренесинин 3-бөлүгү (“Жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен катталып сотко чейинки өндүрүш башталган.
Тергөөнүн жүрүшүндө Сыймык Жапыкеевдин акыркы убактагы бардык сүйлөгөн сөздөрүнө лингвистикалык экспертизалар дайындалды.
Учурда аталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Буга чейин Сыймык Жапыкеев “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу Жумалиевди кескин сындап,  ал бүт байлыгын мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп уурдап тапкан деп айтып чыккан.
Кийин Жумалиев Жапыкеевдин айткандарына жооп берип,  өлкө казынасына бир дагы жолу кол салбаганын куран кармап карганган.