Исхак Масалиев: Минкаб Байсалов менен кошо отставкага кетиши керек

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана азыркы минкаб отставкага кетиши керек. Мындай пикирин парламенттин 13-апрелдеги жыйынында депутат Исхак Масалиев айтып чыкты.

«Мына өкмөт жайыттарды [ижарага] берсек эле жыргап калабыз деп жатат. Кечээ вице-премьер өкмөт пенсия төлөөгө милдеттүү эмес деп жатат. Бул эмне деген өкмөт болуп жатат? Деги элге арналган өкмөтпү? Вице-премьер ушул сөзү үчүн [кызматтан] кетиши керек. Өкмөт толугу менен отставкага кетиши керек», — деп эсептейт Масалиев.

Ал минкаб аз түшүм берүүчү жайыттарды ижарага берүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун артка чакыртып алышы керек деп дагы кошумчалады.

«Бул мыйзам долбоору азырынча чийки. Муну экинчи окууга кайтарыш керек. Балким андан ары өзүңөр кайра чакыртып аласыңар. Силерге кеңеш катары айтып жатам. Жайыттарды өзүңөр карашыңар керек», — деди Масалиев.

Депутат Дастан Бекешев дагы бул мыйзамга каршы пикирин айтты. Анын пикиринде, мыйзам долбоорун экинчи окууга кайтарып, жакшылап талкуулоо керек.

«Жыйырма жылга ижарага берүү… Бизде Бишкекте беш жылга ижарага берилет, ошондо да көп кабаттуу үйлөрдү куруудан тартынышпайт. Кийин мамлекет кайтарып ала албай калат. Жыйырма жылдын ичинде алар бул жерде каалаганын кылышат, кийин мамлекет кайтарып алайын дегенде түрдүү көйгөйлөр келип чыгышы мүмкүн», — дейт эл өкүлү.

Эмне үчүн Байсаловдун отставкасы талап кылынып жатат?

Минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов пенсиялык системаны 2023-2026-жылдарга карата реформалоо маселеси боюнча парламенттик уктурууда жарандар пенсияга акча чогултушу керек жана мамлекет аларга эч нерсе карыз эмес деп билдирген.

«Базарда отургандар болобу, дыйкандар же мигранттар болобу ФОМСко дагы, соцфондго дагы эч кандай төлөмдөрдү төлөбөйт экен. Социалдык төлөмдөрдү төгөндөр аз экен. Ар бир жаранга пенсияңды эртерээк топтоп баштасаң, кийин картайганда, пенсияң жогору болот, мамлекет сага бир тыйын пенсия карыз эмес деп түшүндүрүшүбүз керек», — деп билдирген ал.

Байсалов социалдык төлөмдөрдү негизинен ири компаниялар гана төлөп жатканын кошумчалаган.Минкабдын төрагасынын орун басары «Актуальный разговор» программасына да маек куруп, жарандарга «мамлекет бир тыйын пенсия карыз эмес» деген сөзүндө кеп пенсия тууралуу болгонун билдирген.

Ал мамлекет жарандарды улгайганда «ач өлүмгө» кептеп жалгыз калтырбасын, аларга жөлөк пулдар төлөнөрүн айткан.

«Жалгыз, эч кандай менчиги жок кишиге ач өлүм коркунуч жаратат. Бирок, албетте, мамлекет эч кимди көңүл сыртында калтырбай пособие бөлөт, бирок жакырчылык, кедейчилик жана карылыкта. Пенсия — адам чогултуп сактаган, кийин карыганда чогулган эсеби», — деген Байсалов.

Байсалов «буга чейин ар бир жаран пенсиясына кайсы бир нерсени жасаганга үмүт артчу экенин, бирок азыр андай эмес» деп белгилеген.

«Көпчүлүк адамдардын тажрыйбасы жок, анткени соңку 30 жылда эч ким [Социалдык фондго] акча төккөн эмес. Алардын пенсиясы 1,5 миң сом. Анан ушундай аз пенсия алып калганына мамлекет жоопкерчиликтүү болуп калууда. Чындыгында бул бейформал экономикадан болуп жатат. Бул пенсия деле эмес, карыганда берилген жөлөк пул», — деген Байсалов.

Аргумент.kg