Жолдошумду сүйбөйм…Эмне кылсам?
01-чын куран, 2022-ж // // Айпери ОсмоналиеваСаламатсыздар. Мен силерге өзүмдүн жашоом жөнүндө айтып берейин. Биз күйөөм экөөбүз турмуш курганыбызга 5 жыл кетип жатат.Күйөөм экөөбүз бир ай сүйлөшүп эле үйлөнүп алганбыз.Менин күйөөмө чейинки жигитим бар болчу,ал жигитим бир жыл мурун мага жазды,жиним келип сүйлөшпөй койдум. Убагында мени ата энем ал жигитке каршы болуп койушкан .Азыр күйөөм менен мамилем орточо эле, күйөөм мени такыр жан дүйнөсү менен мени сүйгөн жок,акча берсем болду дейт мага эзели көнүл бурбайт,баарын алып берет но ноль внимания.Быйыл жаны жылда өзүм жаздым ал жигитиме ошондон бери сүйлөшүп жатабыз,азыр ойлосом аябай мен аны сүйөт экенмин ,жүрөгүм ага согот, бирок аны менен кетип калайын десем эки балам бар.