“Атамбаев абактан чыккан соң, Бакиев дагы акталып, ынтымак бекемделсин!”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

«Плазма» мейманканасында атайын форум өтүп, андан соң “Курманбек Бакиевди актоо, колдоо” комитети түзүлдү. “Бул комитет мындан ары кандай иш жүргүзөт? Максат, пландары кандай?” деген суроо менен комитетти түзүүчүлөргө суроо узаттык. 

Кайып Шер, коомдук ишмер:

— Өткөн жылы сиздерге маек берип, “Курманбек Бакиевди актоо, колдоо комитетин түзөбүз” деген пикирибизди бөлүштүк эле. Арадан 5-6 айдай убакыт өтүп кетти. Анткени биз комитет түзөлү деп белсенип калган учурда мамлекет башчыбыз Садыр Жапаров Дубайда экс-президенттердин жыйынын өткөрүп калды. Ал жыйын Алмазбек Атамбаевдин абактан чыккандыгы үчүн уюшулгандай түшүнүктү жаратып койгонсуду. Ошондон улам “Курманбек Бакиевди актоо жана колдоо” боюнча комитетти түздүк. Биз бийликтен, өкмөттөн көп нерсе суранбайбыз, “актап бер” деп талап кылбайбыз. Курманбек Салиевичти акыйкат сот гана актай алат. “Сот иштерине шарт түзүп бериңиз, урматтуу президент!” деп кайрылуу максатында түзүп отурабыз. Анткени Курманбек Бакиевди ошол учурда күнөөсүз соттошкон. Бирөөнү соттош үчүн адегенде күнөө тагыш керек. Биринчиден, күнөө такпай, экинчиден, адвокатын сот иштерине катыштырбай, үчүнчүдөн, экс-президенттиктен албай туруп эле үстүртөн соттоп коюшкан.

Биз мамлекетбиз, элбиз, баары мыйзам жүзүндө болгону дурус. Биз “баарын акыйкат карап бериңиздер” деген гана талапты коёбуз. Мына, Алмазбек Атамбаевди түрмөдөн чыгарып, ишин кайра кароого жөнөтүштү. Ошондуктан ак канжыгалуу бүгүнкүдөй иштерди баштадык, эми аягына чыгуубуз зарыл. Баарын калыс карап, Атамбаевдин иши сыяктуу Бакиевдин ишин да кайра карап чыгууну талап кылабыз.

— Коомчулук бул комитеттин түзүлүшүн, сиздердин талапты кандай кабыл алат деген ойдосуздар?

— Бул сурооңузга жообум: биз каршы чыга турган эки каршылашты көрүп турабыз. Булар биринчиден, ушул иштерди уюштурган Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү. Анткени алардын абийирлери ачылып калат. Мыйзамсыздык аракети, мыйзамсыз бийликти басып алуу ж.б. Экинчиси, алардын колдоочулары, трайбалисттер. Ушул эки топ гана бар. Башкасы президенттин демилгесин түшүнүү менен карап жатышат. Алмазбек Атамбаев бизге жакса-жакпаса дагы бирибиз да каршы пикир жолдогон жокпуз. “Президентибиз Садыр Жапаров демилге көтөрүп калыптыр” деп эч кимибиз чычалаган жокпуз. Ал эми Убактылуу өкмөт мүчөлөрү жана трайбалисттер эртели-кеч түшүнөт деген пикирдемин.

— Комитет тууралуу да кошумчалай кетсеңиз?

— Комитетти жаңы түздүк. Мындан аркы иш аракетибизде комиссия мүчөлөрү башкы прокурорго кайрылууну пландаштырып жаткан учурубуз.

Али Нурматов, коомдук ишмер: 

— Кечээ жакында президентибиз Садыр Жапаров мурдагы президенттердин башын бириктирип, жакшы иш жасады. Атайын нейтралдуу аймакка чакырып, эртеңки түндүк оң канат болсо, түштүк сол канат болгон эки элдин биримдиги үчүн жакшы шарт түздү. Атамбаевдин ишин кайра кароого жөнөтүп жатат. Ошондуктан калыстык үчүн биз комитет түздүк. 2010-жылы түзүлгөн Убактылуу өкмөт жок жерден жалган маалыматтар менен баардык күнөөнү Курманбек Бакиевге шылтап, элге жамандап атып, желмогуз кылып көрсөтүп койду. Бирок түндүк-түштүктө калыс адамдар көп, Бакиевди сот иштерине чакырып, ак-карасын аныктап, калыс чечим чыгарып коюшса, элдин эртеңки келечегине жакшы болот.

Бул форумда маселени кабыргасынан коюп, аткарчу иштерибиз айтылды. Жабыр тарткан элдин көкүрөгүндөгү кара такты өчүрүп, чындыкты ачыкка чыгаралы деп атабыз. Бир кездерде биз деле Атамбаевдин, Убактылуу өкмөттүн жалган сөздөрүнө ишенип, аларды колдогонбуз. Анан 10 жылда алардын ким экенин билдик. Ошондуктан калыстык болсун үчүн ушул комитетти түздүк. Эгер Алмазбек Атамбаев актала турган болсо, Курманбек Бакиев дагы акталып, келечекте түндүк-түштүк ынтымагы бекемделет деген ишеничтебиз!

— Жалпы эл кандай пикирде болот?

— 10 жыл бою каралоо иштери катуу жүргөндүктөн, Апрель окуясына катышкандар тескери пикирде болушу мүмкүн. Бирок жалпы элге чындык, биримдик, калыстык керек, андыктан колдойт деген пикирдемин. Төңкөрүштөр мындан ары жок болуп, көпчүлүк элдин мүдөөсү ишке ашып, чындык бар экен деген ишенимди арттыруу зарыл.

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg