Жолборс Жоробеков, профессор: “Исаков докторлугун Акматалиевден коргоп, ОшМУну дүйнөлүк университеттердин катарына кошуп салды”

Жолборс Жоробеков, профессор: “Исаков докторлугун Акматалиевден коргоп, ОшМУну дүйнөлүк университеттердин катарына кошуп салды”

25-аяк оона, 2019-ж // //

– Жолборс Жоробекович, билим берүү тармагынын өкүлү катары Каныбек Исаковдун министр болуп дайындалышына көз карашыңыз кандай?
– Билим берүү жана илим министрлигине мен билгенден эгемендик жылдардан бери татыктуу жетекчи аз эле келди. Билим берүүдөн өтө алыс адамдар да кызматка келип, бул тармактын быт-чытын чыгарышты. Мен муну расмий жерлерде деле, ЖМКларга жарыяланган макалала-рымда деле дайыма айтып жүрөм. Ал эми жаңыдан келген Каныбек Иса-ков кесипкөй педагог, жаштайынан билим берүү тармагында иштеп, катардагы мугалимден ЖОЖдун ректорлугуна чейин жеткен. Илимдин доктору, профессор. Анын башкаруучулук жөндөмү айрыкча Ош мамлекеттик университетин жетектегенде көрүңдү. Жалаң эле өзү жетектеген университеттин жамаатынын арасында гана эмес, жалпы коомдо кадыр-баркка ээ болду. Докторлугун академик Абдылдажан Акматалиевден коргогон. Бүгүнкү күндө ошол Исаковдун талыкпас эмгегинин аркасында ОшМУ КМШ өлкөлөрүндө гана эмес, дүйнөлүк университеттердин катарына кошулуп калды.
Мен Каныбек Исаковду Ош педагогикалык окуу жайынан бери билем. Туугандык, жакындык, тааныштык мамилем деле жок, бирок, өзүнүн карандай эмгеги менен ушундай даражага жеткени ырас. Анткени, биз кичинекей эле өлкөбүз, ким кимдин таяке-жээни, тууганы, куда-сөөгү, ата-жотосуна чейин билебиз да. Азыр кайсы ЖОЖго барба, “ректоруң кандай киши?” деп сурасаң, баары жамандап кирет. Ал эми Каныбекти болсо мугалимдерден тартып студенттерге чейин жакшы уюштургуч жетекчи жана педагог катары мүнөздөшөт.
Азыр мектепке чейинки, орто билим берүүчү мекемелер болобу, же жогорку окуу жайлары болобу, баары коррупциялашып, талкаланган абалда. Андыктан Исаковдун алдында өтө татаал милдет турат. Мен муну ушул тармакта өмүр бою иштеген адам катары айтып жатам. Бирок, ал бул милдетти аткара аларына көзүм жетет. Бул үчүн анда билим, тажрыйба жана эрк да жетиштүү. Ага ар тараптан жардам берүүбүз керек. Мурдагы министрлерге «мындай кылалы, стандарттарды иреттештирели» десең душман көрүп калышчу. Бирок, эскерте турган нерсе, сындаш, алыстан туруп алып кеңеш айтыш оңой. Ал эми аны практикада ишке ашырыш кыйын.
– Бирок, саясатчылар арасында мыкты ректор дайыма эле мыкты министр боло албашы мүмкүн. Себеби, министрликтин масштабы башка эмеспи, бул өңүттөн кооптонгондор да жок эмес.
– Менин оюмча, кооптонууга эч негиз жок. Ошол саясатчылар билим берүүге эч тийешеси жок эле адамдар дайындалып жатканда эмне үчүн кооптонуларын билдиришкен жок? Азыр, тескерисинче, министрликке президенттин аппараты болобу, Жогорку Кеңеш, же өкмөт болобу, жакшы жардамдарын көрсөтүүлөрү керек. Себеби, элге билим берүү өлкөдөгү эң приоритеттүү чөйрө. Ушунун деңгээлинен жараша эртеңки күнүбүз аныкталат. Биз башка мамлекеттерге салыштырмалуу бул жагынан артта калып жатабыз.
– Сиздин көз карашыңызда жаңы министр биринчи кезекте кандай өзгөрүүлөрдү жасоого тийиш?
– Азыр жалпы республикалык тестирлөө, менин оюмча, айылдык бүтүрүүчүлөрдүн көкөйүн кесип аткан маселе. Алар аны жакшы өздөштүрө албай жатышат. Кийинки кездерде колунда мүмкүнчүлүгү барлар балдарын шаарга алып келип, атайын тестке даярдоочу кишилерге беришүүдө. Анда он жыл окугандын эмне кереги бар? Азыр дүйнөдөгү эң абройлуу Оксфорд, Гарвард сыяктуу университеттер да тест ыкмасынан баштарта башташты. Себеби, ал ыкма өзүн актаган жок (ал эми Улуу Британияда советтик билим берүү системасынын алгылыктуу жактарын пайдалануу жөнүндө сөз жүрүп жатат). Албетте, мен муну «эртең эле токтотуш керек» деп айткандан алысмын. Бирок, бизде кыргыз тилине, тарыхына чоң көңүл бурулуп жатканына байланыштуу баардык жогорку окуу жайларга параллелдүү түрдө кыргыз тили мен тарыхтан эски ыкма боюнча эле экзамен алууну киргизсе жакшы болор эле. Биздегилердин чочуганы эле “мугалимдер пара алат” дешет. Азыр онлайн режим деген бар. Бүтүрүүчү экзамен берип атканда ата-энеси карап турса, анын тасмасын кийин атайын комиссияга берсе болот.
Эми аягында айтарым, Каныбектин көнүп калган коллективин, калыптанып калган чарбасын, жылуу орунун таштап, талкаланып чачылып кеткен министрликти оңдойм (!) деп келиши жылуу пикир туудурат. Жаңы баштаган ишинде дайыма ийгиликтер жылоолосун, иним Каныбек!
Булак: «Азия нюс»