ЖКда орозонун 15-күнүн кайрымдуулук күнү деп белгилөө демилгеленди

ЖКда орозонун 15-күнүн кайрымдуулук күнү деп белгилөө демилгеленди

08-кулжа, 2017-ж // //

Аталган демилгени «Өнүгүү — Прогресс» фракциясынын депутаты Тазабек Икрамов көтөрдү.
Орозо айынын 15-күнүн кайрымдуулук күнү деп белгилөө боюнча сунушту колдоо керек. Бул тууралуу «Өнүгүү — Прогресс» фракциясынын депутаты Тазабек Икрамов парламентте ар кандай маселелер каралып жатканда билдирди.
Анын айтымында, аталган демилгени кайрымдуулук фонду демилгелеп чыккан.
«Биздин өлкөдө майрамдар көп. Ар бир айда расмий, расмий эмес майрамдар болот. Алардын пайдалуусунан пайдасызы арбын. Мындан бир жыл мурун бир фонд орозонун 15-күнүн кайрымдуулук күнү деп белгилөөнү сунуштаган болчу. Чындыгында бул сунуш абдан жагымдуу жана таасирдүү», — деди Икрамов.
Эл өкүлү эртең орозонун 15-күнү экенин айтып, колунда барларды муктаждарга жардам берүүгө үндөдү.
Булак: Спутник