Жигитимдин апасы менен менин атам бир тууган. Биз үйлөнсөк болобу?

Жигитимдин апасы менен менин атам бир тууган. Биз үйлөнсөк болобу?

21-үчтүн айы, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Саламатсызбы  чыгарып бересизби. Мен болсо  кенеш сурагым келет. Жигитим экөөбүз бири бирибизди аябай жакшы көрөбүз. Ортобузда жакшы сый мамиле бар себеби экөөбүз тууганбыз,Анын апасы менен менин атам бир тууган мен ошондо тайкесинин кызы болуп калам. Анын жашы 26 да мен деле бойго жетип курбуларымдын  көбү турмушка чыгып жатышат. Сурайын дегеним туугандар үйлөнсө эмне болот? Балдары майып болуп калат дегени чынбы араныздарда ушинтип тууганга турмушка чыккандар болсо жазып коюнуздарчы. Көптү көрүп билген эжелер апалар кенеш сурайм медициналык жактан билими бар айымдар кенеш күтөм.