Жесир абысыны менен мамилелеш болгон күйөөсүнүн кордугуна чыдабай асынып алды
24-жетинин айы, 2021-ж // // Айпери ОсмоналиеваКош бойлуу келин асынып каза болгон. Өлүмүнө анын күйөөсү менен абысынын жакын мамиледе болуп жүргөнү себеп болгон. Бул тууралуу маркум келиндин агасы Kaktus.media сайтынын редакциясына кайрылган.
Маалыматта, окуя Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда болгон. Маркумдун агасы Бакыт Назаралиев маалымдаган.
Анын айтымында, 2017-жылдын 17-ноябрында карындашы Салтанатты Залкар алакачып кеткен. Бир жылдан кийин кыздуу болушат.Карындашынын өз жанын кйышына анын абысыны кайниси менен жакын мамиледе болуп келгени себеп болгонун ачыктаган.
«Менин билишимче, ошол эле жылы Залкардын бир тууган агасы өз жанын кыйган, бирок эмне себептен экени белгисиз бойдон калган. Көп өтпөй карындашымдын жашоосуна жесир калган абысыны кийлигишип, кайниси менен жакын мамилде кылып баштаган. Негизги себептердин бири ушул деп ойлойм», — дейт Назаралиев.
Ошондой эле күйөөсу себепсиз карындашына кол көтөрүп, өз кызы башкадан дегендей да күмөн саноолору боло баштаган.
«Назиранын айынан чыр-чатактар үзгүлтүксүз болчу. Салтанат жолдошун абысыны менен чогуу жаткан жеринен кармап алган. Окуяга күбө болуп калганы үчун аялын уруп, анын кетүүсүн талап кылган. Ошондой эле телефондогу кат жазууларда жесир абысыны кайниси 15-сентярбда аны менен төшөктөш боло турганын убада кылып ббирок аялын ээрчитип конокко кетип калганы тууралуу кат жазышууларды жолдошунун телефонунан маркум окуп калган.
Ошондой эле өлөр алдында ал вотцап аркылуу агасына кат жазып калтырган. Анда жолдошу жесир абысыны менен жакындашып, үйундө тынчтык болбой калганын, айласыздан ушундай кадамдарга барып жатканын жазган. Кийин маркумдун телефонун абысынынын уулу катып койгон. Анткени анын ичинде көптөгөн маалыматтар болгон эле.
«Мен милицияга жана прокуратурага жазган арызымда Залкар, Назира жана Ратбекти күнөөлүү деп көрсөткөм, алар далилдерди жашырууга аракет кылганы үчүн милиция Залкарга гана иш козгоп, аны бир айга камакка алган. Прокуратура өз жообунда Назираны жана анын уулун да айткан жок, бирок мен алардын да үстүнөн арыздангам», — дейт иштин акйыкат каралбай жатканыны күйүп жатканын айтып.ошондой эле бир топ далил материалдарды тергөөчү жоготуп койгонун да билдирип, иштип акыйкат карап берүүсун талап кылган.