Жээнбеков: Апаларыбызды түрмөдө кармабагыла!

Жээнбеков: Апаларыбызды түрмөдө кармабагыла!

26-бештин айы, 2022-ж // Саясат // Айпери Осмоналиева

Бүгүн, 26-декабрда Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад иши боюнча кармалып  жаткан саясатчы, активисттедин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча апелляциялык арыз каралууда. Анда алгач сотко саясатчы Равшан Жээнбеков алынып келинди.

Сотто Жээнбеков эмнеге ачкачылык жарыялашканын айтып, бийликке кайрылды.

«Ачкачылык кармаганыбызга 14 күн болду. Жок дегенде «Аялдарды кое берип койгула, апаларыбызды түрмөгө кармабагыла»- деген ачкачылыкты жарыялап жатабыз. Бүгүн сот кандай чечим кабыл алат,ошого жараша биздин акциябыз уланат же токтойт»,-деди Жээнбеков.