
Жазында бетке туура кам көрүү зарыл
23-жалган куран, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваАялзатынын бети өтө назик жана сезимталдуу болгондуктан айлана чөйрөдөгү жаман таасирлерге туруштук бере албайт жана кам көрүлбөй калган учурда бат эле бузулуп кетет. Мисалы, күндүн ысыгына, муздак абага, шамалга, деги эле жалпы мезгил ыргактарындагы аба ырайынын чайкалышына. Ошентип бет бузула баштаганда анда пигменттик тактар, сепкилдер жана башка жагымсыз көрүнүштөр байкала баштайт.
Өзгөчө жаздын келиши менен аба ырайынын өзгөрүп туруусунун натыйжасында ,кыздардын беттеринде тактар пайда боло баштайт.
Алгач бетке маска коюудан мурун биринчи кезекте сиз кандай тактар менен күрөшүп, бетиңизди кантип тазалагыңыз келип жатат, ошол жагын аныктап алышыңыз керек.
Мисалы, безеткилер үчүн бөлөк маска, жөнөкөй тактар үчүн башка маска ар түрдүү беттин түрүнө жараша болот.
Эн негизгиси ,туура тамактануу маанилүү.Тазалоочу каражаттар Тазалоочу каражаттар тактарды азайтуучу касиетке ээ. Алар ар кандай пилингдердин жардамы менен чыгарылат жана эпидермистен меланинди тазалайт. Ошентип пигменттик тактар тазарып, агара түшөт.
Ал эми бетиңиздин териси майлуу жана безеткилер бар болсо, анда кулпунайдын ширесин бетке 15-20 мүнөт кармап турушуңуз керек.Тери кургап, картайып бараткан учурда андагы пигментик тактарды кетирүү үчүн 10-15 мүнөт кармап турасыз. Бетти май менен тазалап алган жакшы. Мындай учурда масканы даярдоодо: эзилген кулпунайды марлиге салып, анан бетке коюш керек. Бул масканы жумасына 2-3 жолу жасаса болот. Бул курс 10 – 15 жолу жасалат. Мындай масканы туура жана так колдонгондон кийин бетиңиз тазарып, сергип, назик жана жумшак болуп калат. Кулпунайдын ширесинен жасалган сергитүүчү маска Кулпунайдын сыгылып алынган ширесине (1/4-1/4 стакан) марлини малып, ширени болушунча өзүнө сиңдирип алыш керек. Аны бетке акпай тургандай сыгып аласыз да, бетке 15 – 20 мүнөткө коёсуз. Масканы коюп бүткөндөн кийин муздагыраак суу менен чайкап, азыктандыруучу кремди сүйкөп коёсуз. Бул маска бетти тазалайт, витаминдер менен азыктандырат жана сергитет. Бетти тазалоодо сергитүү — маанилүү жана эффективдүү. Кургак жана нормалдуу териге бул масканы жасаардын алдында бетке майлуу бет май сүйкөп алуу зарыл. Бетке ак өң берүүчү жана тактарды билдирбөөчү ласьон Жүзүңүздүн ак болуп, сепкилдердин, тактардын байкалбашын кааласаңыз, бетти бир күндө бир нече жолу бул ласьон менен сүртүп турганыңыз жакшы. Аны даярдоодо: 50 грамм жаңы бадыраңдын кабыгына бир стакан сууну куюп 6 саат кармап коюш керек. Туруп калган ласьон менен бетиңизди сүртүп туруңуз. Күнгө күйүп калган бетти тазалоо Күндө көпкө кармалып сепкилдер чыгып кеткенде, тактар пайда болгондо майлуулугу аз каймак жана калинадан жасалган маска жардамын берет.
Булак:аргумент кж