Бек Борбиев: «Оштун Филармониясын жоктон бар кылып келаткан адамга ыраазычылык айтуунун ордуна, текеберленип сүйлөп турган депутат айымга эч кандай сөзүм жок…»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ырчы Бек Борбиев өзүнүн социалдык баракчасына Ош шаарындагы Рысбай Абдыкадыров атындагы филармонияны башкарып келе жаткан Гүлшайыр Садыбакасованын ишин сынга алган, депутат Аида Исатбек кызынын билдирүүсү боюнча пикирин жазды.

«Кыргызга «Кыз Буракты» тартуу кылган Гулшайыр эженин кадыр баркына, эмгегине шек келтирди дегенинен калемди колго алдым. Мен чон сахнага келгениме 32 жылдан ашты, мына ушунча жыл билет экем эжемди. Азыр балуулуктар тескери тарабына өзгөрдү. Азыркы заманда саясатчыны кылган эмгегинен эмес — сүйлөгөн сөзүнөн, кызматкерди кесипкөйлүгүн эмес — тууганчылыгын, жакындыгын. Ал эми таланттуунун талантын эмес — кичи пейилдигин, ырчынын унун эмес — жылмайып койгонун баалап калдык. Кыз Буракты мындай коёлу, Оштун Филармониясын жоктон бар кылып келаткан адамга ыраазычылык айтуунун ордуна, текеберленип суйлоп турган депутат айымга эч кандай сөзүм жок. Деңгээлибиз ушул, арга жок
Эже менен бир ай мурда сүйлөштүк эле. 70 ке чыгып атам, жумушту тапшырбасам болбойт, абдан чарчап калып атам. Ден соолукту да чындабасам болбойт деп кейиген. Элине ак эмгек кылган эжени ардак менен узатып койгондун ордуна, былжырак сөздү суйлогондун озу акылсыздык, караңгылык
Артка баратабыз, алдыга эмес…»

«Кыз Бурактай топтор көп болмок, эгерде оңой, түйшүгү аз болсо. Ал легендага айланган топ бирөө эле, анткени Гүлшайыр эже кыргызга жалгыз»,-дейт ырчы.

Аргумент.kg