Жаштарга жамынган Марлен дагы жаңылды
04-жалган куран, 2021-ж // // Айпери ОсмоналиеваЖогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев депутаттардын арасынан көйгөйлүү маселелерди көтөрүп чыккан активдүү жаштардын катарын толуктап келет. Ошондой эле коомчулуктун назарында болгонго аракет кылып, бир топ иш чараларга катышып, уюштуруп да келгенин билебиз. Марлен мырза былтыргы өткөн парламенттик шайлоодо кадимки эле Матраимовдорго таандык “Мекеним Кыргызстан” партиясын сүрөп, Жогорку Кеңешке талапкерлигин койгон. Ошондо социалдык тармактарда анын Матраимовдун партиясы менен чыкканына ар түрдүү нааразычылык пикирлер чыгып, арасында коррупционердин акчасына азгырылып кетти дегендер да арбын болгон. “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен утуп чыкканы менен элдин нааразычылынан улам шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып калган. Ал эми “Матраимов камалып, кыйын кырдаал учурунда Марлен мырза Раимди моралдык колдоого алган жок”- деген сын-пикирлер абдан көп болду. Жергиликтүү шайлоолор 11-апрелге дайындалып, ага партиялар кызуу даярдык көрүшүүдө. Анын арасында “Ынтымак” партиясынын съезди өтүп, Марлен Маматалиевдин жетекчилигинде жергиликтүү шайлоолорго аттанышты.Фейсбукта Марленди айга күнгө теңегендер кечээги парламентте мыйзамды одоно бузуу менен кабыл алынган Ханституцияга “макул”- деп добуш бергенине эмне деп жооп берээр экен? Кооз сүйлөп, бирок кылган иши дал келбеген жаш саясатчыларыбыз эскилерден эч кандай айырмасы деле жок.
ARGUMENT.KG