Жанар Акаев: «Элди эч ким коркутуп башкара албайт»
10-теке, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева8-июлдагы УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиевдин бийликти сындагандардын тизмесин түзүп жатабыз деген билдирүүсү коомчулукта сынга кабылды. Медиа Полиси институту бул билдирүүнү сөз эркиндигине шек келтирүү деп баалады. Ал эми бир катар саясатчылар буга пикирин айтып чыгууда. Жогорку Кеңештин депутат Жанар Акаев бул боюнча оюн жеке баракчасына жазды:
Элибизди эч ким коркутуп, кодулап башкара албайт жана эч убакта ага жол бербейбиз! Биз убактылуу кедей өлкө болушубуз мүмкүн, бирок эркин абадан дем алабыз, ошону менен сыймыктанабыз! Бул биз үчүн чоң байлык! Адилеттүүлүктү, чындыкты айтып турган жарандарыбыздын көптүгү келечегибиз кенен, өнүккөн өлкө болоорубуздан кабар берет.
Жетекчи болчу адам элди башкарам деп эмес, элге кызмат кылам деп ниет кылышы керек.
Кыргызстанда ызы-чуу, тополоң болушун эч ким каалабайт, баарыбызга бейпил турмуш, тынч жашоо керек. Бирок диктатор болом, калыстыктан таям жана коркутуп, камап башкарам дегендер терең жаңылышат.
Өлтүрүп кетем, жок кылам деп мага карата видео кайрылуу кылган жаштарды көрдүм, аларга боорум ооруду, мен аларды жазалоого бардык тараптан күчүм жетет, ага барбайм бирок. Саясатка келген соң, сынга, ачууга чыдаш керек экен. Жетекчи болгондордо бул милдет он эсе көп жүктөлөт.
Жаратмандык идеалар менен элди бириктирүү зарыл, кара күчтөн коркуп калчу биз эмеспиз!