Жанар Акаев: «Былтыркы шайлоодогудай эле чоң эки партия түзүлүп жатат»

Жанар Акаев: «Былтыркы шайлоодогудай эле чоң эки партия түзүлүп жатат»

23-аяк оона, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

Бул туурасында БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова парламентте билдирди.

ЖКнын отурумунда депутаттар бир мандаттуу шайлоо округунун чек араларынын өзгөртүлүшү мыйзам бузууга жатарын айтып, БШКнын жетекчилигин маалымат берүүгө чакырган.

Жыйында депутат Жанар Акаев быйыл да былтыркыдай болуп бийлик колдогон эки партия куралып жатканын айтып, мындан улам президент Садыр Жапаров менен сүйлөшүп, алардын аракетине бөгөт коюуга чакырды.

«Туура айтасыз, эгер административдик ресурска бай партия шайлоодо ишин активдүү жүргүзсө, ага тийиштүү деңгээлде атаандаштык кылуу үчүн айрым партиялар финансылык ресурсту колдонот. Алдыдагы шайлоодо мындай тобокелчилик болбошу үчүн бул маселени талкууладык.

Президенттин толук түшүнүгү бар, андай болтурбайбыз деп сүйлөшкөнбүз. Жергиликтүү кеңештерди шайлоого катышкан партиялар да тең атаандаштык кылуу үчүн административдик ресурска финансылык ресурс каршы турат деп айтышкан. Азыр ошондой көрүнүштөр болуп жатат, мындайды түп-тамырынан жоюшубуз керек», — деди Шайлдабекова.