Заря: «Сойкулук менен алектенгеним өз ишим, денемди сатып жан багам…»

Заря: «Сойкулук менен алектенгеним өз ишим, денемди сатып жан багам…»

10-баш оона, 2020-ж // // Айпери Осмоналиева

Бул маектешим буга чейинки мен сүйлөшкөн кыздардан алда канча башкача болуп чыкты. Ыплас ишке аралашып жатам деген башкалардай жалтайлоо, жасаган ишине өкүнүү байкалбайт. Көзү курч, сүйлөгөн сөздөрү орой экен. Бирок сөзсүз эле алардын жан дүйнөсүнүн ыйлаганын, кыйналганын окурмандарга жеткире бербей, ушундай кыздардын да оюн угуп көргөнүм тура болоор деп өзүмдү колго алып сөзгө тарттым. Балким, бул маек турмуштун жолуна жаңы түшүп жаткан секелек кыздарды сактанууга, ыплас жолдон алыс болууга чакырар… Албетте, бул каарман сүрөткө түшүүдөн баш тартты… 
— Замира, бул ишке аралашканыңа канча убакыт болду?-
— Заря десеңиз туура болот.
 Макул, Заря.
— Эрте аралашкам.
— Себеп?
— Акчалуу болгум келди. Теңтуш кыздарымдын баары акчалуу жүрүшчү, алар байдын кыздары да. Мага ата-энем акча бермек тургай жакшылыктуу кийим алып бере алышпай коюшту. Көп бир тууган болчубуз, бизге жакшы тарбия бере албаган соң эмнеге жыбыратып беш балалуу болушту деп аларга жиним келчү. Бирибизди бирибиз бактык, атам бирде иштесе, бирде ичип жүрүп туруктуу иши жок калган. Апам да ар кайсы жумуштун башын жасап, курсак тойгузганга гана акча тапчу. Кээде курсагыбыз деле тойчу эмес. Анан тентиреген жашоо башталды, биз эмне ичип жатабыз, кечке эмне кылып жүргөнүбүз мен эч кимдин иши болбой ата-эне тараптан көзөмөл болгонжок. Мен модалуу кийинип, мектептеги кыйын кыздарга кошулуп жүргүм келчү. Ошол тилегимди ишке ашырыш үчүн денемди сатууга аргасыз бардым.
— Бирөө аркылуу келдиңби?
— Өзүм эле издеп келдим. Тарбия тура берилбесе көчөдө жүрө бересиң да, апам мени катуу урушуп койду. Ага таарынып үйдөн чыгып кеттим. Апамдын айткан сөздөрүнө ызаландым. Ал мени көчөдө калган немесиң, ар ким менен жүрөсүң  деген сыяктуу жаман сөздөрдү айтты. Ал сөздөрд ү сиздерге жеткирип айтып бере албайм. Мен тамеки тартсам да, көчөдө балдар менен достошсом да актыгыман ажыраган эмесмин. Тазалыгымды сактагым келчү. Апамдын сөзү сөөгүмө жетип, өз энем ушинтип ойлоп жатса башкалар мен жөнүндө жакшы ойдо болмок белем, ушуларга көз каранды болгучакты өз алдымча кеткеним жакшы эмеспи дедим дагы үйдөн чыгып кетип калдым. Угуп жүргөн жерлерге келдим, стунерлерге жолуктум. Алар кыз экениңди билгенде тим эле колуңан жетелеп калышат экен. Чындыгында үчөөнү кыдырып, кымбатыраак акча бере турганы менен макулдашып алгачкы сойкулук ишимди баштагам.
 
—  Канча акча алдың?
— Төрт миң. Сутенер канчага сатты билбейм.
— Өзүңдү жаман сездиңби?
— Эмнеге жаман сезмек элем, ошого даяр болчумун да. Анын үстүнө мени менен алгачкы болгон адам улуу киши болчу. Тажрыйбалуу дегеним да.
— Тапкан акчаңды эмнеге жумшадың эле?
— Кийим алдым. Мен бузулган, жаман кыз болсом да мектепти таштап койгон жокмун. Акыркы класста окуп жаткам, башында айттым го, байдын кыздары менен теңтайлашып, алардан кем калбай кийинип, жемимди эч кимге жедиргим келбеген үчүн өзүм акча  табууну көздөдүм.
— Үйүңдөгүлөргө жардам бердиңби?
— Жок. Кээде ата-энем жокто бөбөктөрүмдүн ачка отурганын көргөндө чыдабай таттууларды сатып алып берчүмүн. Тапкан акчамды башынан эле өзүмө жумшагам, азыр да ошентем.
— Мектепти бүткөндөн кийин окууңду уланткан жоксуңбу?
— Мен каалаган окуунун төлөгөн акчасынын суммасы  абдан көп экен. Ушул сойкулуктан тапкан акча чогулат, окууга төлөгөнгө жетет деп ойлойсузбу?.. Бул күнүмдүк гана акча да.
— Келечекти ойлош керек го?
— Мага ата-энем келечек түзүп бербесе мен өзүм аны издей турган учурда минтип денемди сатп курсак тойгузуп, кийингенди үйрөнп алсам кайдагы келечек. Кээде менин да бактылуу болгум келет, бирок көзүм жетпейт.
— Эмне үчүн?
— Эркин басып-турганга, чабышкан менен чабышып, тебишкен менен кошо тебишкен мендей кыз сыягы жок аялзаты кимге керек? Көнгөн адатыма салып мени бактылуу кыла турган адамга терс кыялымды көрсөтүп алсам беш айланып качаар… Болбосо бактылуу кылчу адамды мен шордууга айлантаармын.

— Кемчилигиңди билип туруп аны оңдоого аракет жасабайсыңбы?
— Жасалмалуулук менин эңжаман көргөн сапаттарымдын бири. Эгер мага учурунда туура тарбия берилип, ата-энем катуураак кармаганда мынчалык өз алдынча болуп кетпейт элем да.
— Алар сенин эмне иш менен алектенээриңди билишеби?
— Билсе билээр, мен кайда, эмне иш кылып жүргөнүм тууралуу отчет бербейм. Алардан бир тыйын сурабайм. Атама болсо балдарынын бар-жогу бирдей эле. Ичкиликтен көзү ачылбайт, энем деле ошол. Кыйкырып эле бизди урушкандан башканы билбейт, оозунан ичкиликтин жыты кетпей калды. Ата-энесин эмне мынча жамандап жатат дейсиз го, бирок сизге чындыкты айтып жатам. Ата-эне балдарына пайдубал куруп бериши керек, алар салган жол менен балдары ары карай жашоо улап кетет. Экөө тең жарышып ичсе бизде кайдагы тарбия. Азыр мен үйгө деле барбайм.
— Коомдогулардын сени денесин саткан кыз катары бөлүп караганын байкайсыңбы?
— Сатсам өз денемди сатып жатам, башкалардын мени менен эмне иши бар?!  Ооруса менин денем ооруйт, жыргалга батсам да өзүм үчүн, башкалардын эмнеге башы оорушу керек.
— Жеңил акча тапкысы келгендер сага окшошкусу келип ушул ишке аралашып кетеби деген коркунуч бар да?
— Ал адамдын өзүнөн. Алданып калышы да, азгырылып келиши да, мага окшоп акыл менен, баарын түшүнүп атайылап келгени да болот. Эгер тарбия бекем болсо, өзгөчө эне менен кыздын ортосунда жакындык, түшүнүүчүлүк болсо эч ким мындай ишке аралашпайт деп ойлойм.
— Кардарларың акчасын бербей кетип калган учурлар болобу?
— Ал өзүңө байланыштуу болот. Мен эч кимге жемимди жедирбейм. Бир жолу гана милициялар төлөбөй коюшкан, болбосо андайга жол бербейм. Бекер нерсе бар бекен. Баары орду менен болушу керек деп ойлойм. Мен дагы акча тапсам деп аларды жыргалга бөлөөгө даяр болуп жатамбы, алар дагы ошол жыргалынын баасын билсин да. Бир жолу мас киши кыялын көрсөттү эле экөөбүз кырылышып кетип шиш такалуу туфлим менен башын жара чапкам. Кыйын болсо милицияга барып арыздансын, сойку кыз башымды жарып салды деп. Өзү эле уят болбойбу.
— Кардарыңды сүйүп калган учур болду беле?
— Мага сүйүү келе элек. Бирок жактырып калган учурлар болот. Негизи мен адамдын сырткы кебетесин эмес, ички дүйнөсүн карап сүйөт окшойм. Ал жигит менден он жаштай улуу, өңү серт эле болчу, бирок мамилеси, менин сойку экениме карабастан башкаларга окшоп басынтпай сый мамиле жасаганы ушунчалык жагымдуу болгон. Жаныман кетиргим келбей, назик боло түшкөм. Анны көпкө чейин унута албай, дагы келсе экен деп күтүп жүрдүм. Бирок келген жок…
— Бул убактылуу иш да, соодаң жүрбөй калганда эмне иш менен алектенесиң?
— Аны дагы көрө жатаарбыз. Азыр эч нерсе айта албайм.
— Адам үчүн терс жолдон оң жолго кайтуу эч убакта кеч эмес деп айтылат эмеспи, балким жакшы жолго түшүүгө аракет жасаарсың?
— Азыр мен күнүмдүк жашоо менен гана жашап келем. Алдыда баарын кыйратып жиберем, созулган аялзаты, бир үйдүн кутун кармаган мыкты эне, сүйүктүү жар болом деп эч убакта айта албайм. Жашоодон адаштым деп башымды мыкчып да отуруп калбайм. Турмуш мени ушуга түрттүбү, мындан ары да анын агымы менен кете берем. Мага келечек азырынча караңгы.
— Сүйлөгөн караганда көп нерсеге ата-энеңди күнөөлөйт экенсиң, алар баскан жолду оңдоого аракет жасаарсың?
— Алар бизди тарбияласа болмок, ата-энени бала кантип тарбияласың. Турмуш, тагдыр эле мени, бир туугандарымды башка бир жолго түртпөсө, баары керемет болуп кетет дегенден алысмын. Ошондуктан балалуу болгусу келип, алардын жарыкка келишине себепкер болгон ата-эне милдетин алып, алар өз алдынча болуп кеткичекти турмуштун жакшы жагын үйрөтүп тарбиялабаса бизге окшогон коом жектеген сойку, бузулган муун эч качан чыкпайтдеп ойлойм.
А. Кадырова
Чагылган