Кыргызстан «Ак шумкарларды» тосуп алды (түз эфир)

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы бүгүн таңда Бишкекке учуп келди.

«Ак шумкарларды» «Манас» аэропортунан биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баш болгон бийлик өкүлдөрү жана көптөгөн күйөрмандар тосуп алды.

Кубатбек Боронов өз сөзүндө футболчулар турнирде мыкты оюн көрсөткөндүгүн белгилеп, ыраазычылык билдирди.

Ал эми курама команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин жүздөгөн кыргызстандыктардын тосуп алууга келгени күтүүсүз жагымдуу жагдай болгонун айтты.

../wp-content/uploads/2019/01/90ad5745-a806-4987-ac84-859a3ba00242_hq.mp4

— Кутман таң. Чынын айтканда мынча элдин келгени күтүүсүз болду. Жалпы өлкө боюнча ушундай колдоо болгону биз үчүн жагымдуу. Биз өткөргөн оюндарда кыргызстандыктарды колдоосун сездик, — деди Крестинин.

Футболчуларды тосуп алуу расмий иш-чарасы саат 15:00дө Ала-Тоо аянтында уланат. Ага бийлик өкүлдөрүнүн келиши күтүлүп жатат. Иш-чара шоу концерт менен коштолот.

21-январда Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Бириккен Араб Эмираттарынын командасы менен Азия кубогунун алкагында финалдын 1/8 бөлүгүндө ойноду. Бул беттеш 2:3 эсебинде БАЭнин жеңиши менен аяктап, Кыргызстан кубоктон четтеген.

Азия кубогу 1-февралда жыйынтыкталат.

Футболчуларды тосуп алуу ыр-күү менен коштолду. Ала Тоо аянты, Бишкек (Түз эфир)

Аргумент.kg
Жооп калтыруу