Өз алдынча дарыланам деп 60 жаштагы аял каза болду
13-үчтүн айы, 2022-ж // // Айпери ОсмоналиеваӨз алдынча дарыланам деп улгайган аял каза болду. Бул тууралуу борбор калаанын тез жардам борборунун директорунун орун басары Егор Борисов жергиликтүү маалымат каражатарына билдирди .
Маалыматта, шаарда коронавирустун көбөйүшүнө байланыштуу дарыгерге кайрылгандардын саны көбөйгөн. Ошондой эле оорудан үй шартында өз алдынча дарыланууга аракет кылган кээ бир бейтаптарда алергиялык реакцияга кабылып тез жардам чакыргандар аз эмес.
«Бизде өз алдынча дарыгердин көзөмөлүсүз антибиотик менен дарыланууга аракет кылгандар басымдуу болуп жатат. Мындай жагдайда кээ бир күчтүү дарылар аллергиялык реакциаларга кабылып жатышат. Мисалга алсам, кече 60 жаштагы бейтап тааныштарынын ага телефон аркылуу жазып берген антибиотикти текшерүүсүз, анализсиз же дары үлгүсүсүз ичкенден кийин каза болгон окуя катталган. Аялда катуу аллергиялык реакциясы бар болчу, ага жардам берүү мүмкүн болгон жок «, — деди Егор Борисов.
Акыркы суткада борбор калаанын тез жардам кызматына 700дөн ашык чакыруу түшкөн.