Ырчы Эрнис Турсунов: «Атактуулук мени чарчатты. Үйүмдү сатып, көчүп кеткен да учурум болду

Ырчы Эрнис Турсунов: «Атактуулук мени чарчатты. Үйүмдү сатып, көчүп кеткен да учурум болду

19-баш оона, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

Бул тууралуу ал Супер.кжге берген маегинде билдирди:

«Мен атактуулукка психологиялык жактан даяр боло электе эле белгилүү болуп кетип, аябай кыйналдым. Ээн-эркин басып жүрө албай калдым. Атактуулук мени чарчатты десем болот. Көчөгө чыксам же бир жерге барсам элдин баары эле мени карап, сөз кылып калышат. Мурдагыдай троллейбуска түшүп, көчө аралай албай калдым. Белгилүү болгусу келген досторум бар. Мен андай эмесмин, ушундан улам үйүмдү сатып, көчүп кеткен учурум дагы болду. Мурда жаңы ыр жаздырганда менин ырымды уккандар бар болду бекен дечүмүн, көрсө угушат экен. Азыр Мирбек Иманбеков, Чыңгыз Турдубеков деген ырчы досторум менен биргеликте жаңы ырларды жаздырып иштеп жатабыз», — дейт Турсунов.