«Атасы УКМКда, апасы Билим берүү министрлигинде иштеген кыз классташын мыкаачылык менен сабап жатат» деген видео боюнча ИИМ үн катты

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Интернет желесинде «Атасы УКМКда, апасы Билим берүү министрлигинде иштеген окуучу кыз классташын мыкаачылык менен кордоп, сабап жаткан видео чыкты» аталыштагы маалымат Кыргызстандын аймагында болгон эмес. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирет.

Ведомстводон бул Кыргызстандын аймагында болгон деген чындыкка дал келбей тургандыгын баса белгилешти. «Бул эски тасма жана Казак Республикасынын аймагында болгондугу белгилүү болгон», — деп айтылат билдирүүдө.

ИИМ интернет колдонуучуларды такталбаган маалыматтарды таратып, жарандарга тескери маалымат берүүдөн алыс болууга чакырат.

Аргумент.kg