Ырчы Анжеликанын боюнда барбы?

Ырчы Анжеликанын боюнда барбы?

13-үчтүн айы, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

Эстрада ырчысы Анжелика Кайратовна керемет түшү менен бөлүштү. Бул тууралуу ал өзүнүн Instagrаm баракчасына пост жазган.

«Биринчи жолу мындай пост жазып жатам. Керемет түш көрдүм. Эшигимдин алдына кичинекей наристени таштап кетишиптир. Дароо сүт (смесь) алганы жөө чуркап бара жатам. Келсем, ыйлаганга дагы алы келбей калыптыр. Бат-баттан курсагын тойгузуп, жуунттум. Эркек уул экен. Бир күнү кайра алып кетишпейби деп кабатырланып жатыптырмын. Ким кандай жоюп бере алат?», — деп жазган ал.

Бул түштөн көп узабай ырчы менен жакын мамиледе жүргөн адамдар тар чойрөдө Анжеликанын боюнда бар деп ырасташкан.Эми кандай болгон күндө дагы бул ушактын чын-төгүнүн Анжелика айым, жана убакыт өзү тастыктайт