ВИДЕО-Бишкектеги жугуштуу оорулар клиникалык бейтапканасындагы абал
05-теке, 2020-ж // //
Өкмөт өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык бейтапканасында даарыланып жаткандардын жана ал жакта эмгектенип жаткан дарыгер тууралуу видео жайгаштырышты.
Анда 2 жарым айдан бери ооруканадан чыкпай иштеп жаткан Марина Давлетбаева тууралуу баяндалат.
Марина ДавлетбаеваCOVID-19 илдетинин соккусун көбүнчө республикалык клиникалык жугуштуу оорулар бейтапканасынын эмгек жамааты өзүнө кабыл алып жатат. Оорукананын кызматкерлери айлап, үйлөрүнө кетпей, мекемеде калып, бейтаптардын өмүрү үчүн күрөшүп жатышат. Алардын бири Марина Давлетбаева. Ал эки жарым айдан бери үйүнө, үй-бүлөсүнө бара элек. Келгиле, күнү-түнү бизге кам көрүп жаткан дарыгерлерибиздин эмгегин текке кетирбей, алардын айткандарын так аткарып, аларга жардам берели!#covid19 #акхалатчанбаатырлар #дарыгерлергерахмат
Опубликовано Социальное Правительство Пятница, 3 июля 2020 г.