Урмат Бекболиев: «Анжелика жашоомдун маңызы»
20-баш оона, 2020-ж // // Айпери ОсмоналиеваКыргызда ат айланып казыгын табат дейт эмеспи, андыктан бактылуу үй-бүлө аталып келген Урмат Бекболиев менен Айжелика ортолорунда үч кыз бар экенине карабай эки айрылыш жолго түшкөн. Бирөөнүн жашоосу кызык дегендей билгендер да билбегендер да алардын жашоосун ар түрдүү талкуулап келишкен. Көп өтпөй Анжелика жолдошунун куттуктаганын айтып, кайрымдуулукта бирге жүрүшкөн. Тез эле эки ажырым жолго жүргөн жубайлар элдешкендиги тууралуу кептер коомдо күч алган. Эмнеси болсо да бирге түтүн булатып жашап кыздарга биргеликте мээрим төгүп өстүргөнгө эмне жетсин. Бекболиевдин инстаграмм баракчасында кызы Элима менен Анжеликаны белгилеп “Жашоомдун маңызы” деп жазган.