Бишкек шаарында унаасын оңдоп жаткан жаранды унаа басып калган. Бул тууралуу  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта, окуя  Ак-Өргө жаңы конушунда катталган. Конуштун жашоочусу 1985-жылы туулган жаран  «Хундай Соната» үлгүсүндөгү унаанын астын карап оңдоп жатканда домкрат сынып кетип унаа жаранды басып калган. Окуя болгон жерге 5 куткаруучу тартылып, алар жаранды алып чыгышкан.  Учурда жаран шаардык No4 ооруканага жеткирилип, абалы орто деп бааланды.