Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргыз өлкөсүнө расмий иш сапары менен келет
16-баш оона, 2018-ж // //Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргыз өлкөсүнө расмий иш сапары менен келет. Бул тууралуу өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусунда эл менен жолугушуу учурунда билдирди.
Маалыматка караганда, анын сапары сентябрдын башында орун алат.
«Режеп Тайып Эрдогандын Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына коңшу өлкөлөрдүн башчылары менен бирге катышары күтүлүүдө», — деди Жээнбеков.
Түрк лидери Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык уюмунун VI саммитине катышып, Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуу өткөрөрү белгилүү болду. Бул маалыматты Түркия тарап да тастыктаган.
Булак: Super.kg