Төрөхан Жунусбеков жаңы чоң кызматка дайындалат

Төрөхан Жунусбеков жаңы чоң кызматка дайындалат

03-бугу, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

 

“Мегаком” компаниясына Төрахан Жунусбеков кеңешчилик кызматка барганын билесиңер. Элди тегиз чуулдатып. Көрсө кызыктын баары алдыда экен. Бакай Кашкарбаев айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрине кеңешчи болгону Төрахан Жунусбеков тырчый түшүптүр. “Эмне үчүн?” дегенде, экөөнүн рейтинги теңелип калып атпайбы. Чокчо сакалчан каарманыбыздын кыйладан берки активисттик тажрыйбасы, чала молдолук касиети көкөлөтүп атса, анан “арматурщик” Бакайга бап келеби? Кызыгы, столду “тарс” муштаган Төрөхан Жунусбеков жакында бажы кызматынын төрагасына орун басар болору айтыла баштады. Жел жүрсө чөптүн башы кыймылдайт эй! Бажы тармагына реформа кылабы?

«Азия Ньюс» гезити