Тиштерди түздөөнүн эң оңой жолу — ORTHOLINER
10-чын куран, 2017-ж // //ORTHOLINER (элайнер) – тиштерди түздөтүү үчүн болгон тунук капалар (тиш каптар).
Тиштерди түздөө үчүн коюлган брекеттердин жана тиштердин туура эмес кабышып турушун оӊдоонун эффективдүү, популярдуу жана альтернативдүү жолу — элайнерлер. Бул заманбап ортодонтикалык аппарат тунук, полимерден капа түрүндө жасалат. Тишке берген таасири кадимки брекеттердей эле, бирок баары бир өзгөчөлүктөрү бар.
NANО стоматологиясы — ORTHOLINER системи менен иштеген Кыргыз өлкөсүндөгү биринчи клиника. Врач- ортодонт Чолпон Рысалиева элайнерлердин иштөөсү боюнча атайын окуудан өткөн.
Элайнерлердин брекеттерден артыкчылыктары:
- Элайнерлер тиштердин айланасына бекем жабыштырылат, андыктан зарыл делген жыйынтыкка жетишүүгө болот.
- Анын тунуктугу көзгө көрүнбөөсүн камсыздайт.
- Анын ар бир жаактын өзүнүн бүтүндөй конструкциясы болгондуктан тазалоо үчүн көйгөйсүз эле чыгарууга болот.
- Жаакка ашыкча басым жасалбагандыктан оору жана ыӊгайсыздык жаратпайт, жаракат алып келбейт.
- Капаларды жана тиштерди тазалоо жолу жөнөкөйлөшөт.
- Дикциянын иштөөсүн бузбайт.
- Бат көнүгөт.
- Тиш дарыгерине тез-тез каттоонун зарылдыгы жок.
- Жеткиликтүү баа.
Тиштерде тоскоолдук жараткан металлдарды жана чоӊ көлөмдөгү брекеттерди көрүүнүн эми зарылдыгы жок. Бейтап жылмаюу үчүн аны жашырбай күлө алышат. Көйгөйлүү тиштерди түздөө процесси алгачкы күндөн тартып, бүткөнгө чейин алар үчүн оӊой жана ыӊгайлуу болот.
Кандай учурларда элайнерди коюу сунушталат?
- Тиштердин жайгашуу формасынын бузулушунда;
- Тиштердин ортосундагы жылчык болгондо;
- Кыйшык жана буралып өскөн тиштер үчүн;
- Имплантат жасоо үчүн жай жетишсиз болгондо;
- Тиштердин кабышып турушунда, туура эмес формада болгондо.
Дарылоо этабы төмөнкүчө: Алгач бейтаптын тиштеринин сүрөтү алынып, дарыгердин көрсөтмөсү менен ага тунук капалар жасалат. Капанын саны учурга жараша ар кандай болушу мүмкүн. Ар бир кезектеги капа белгилүү бир мөөнөттөн кийин иштөөсүн токтотот, тагыраагы, басым жасабай калат. Бул дарыгерге аны алмаштыруу керек деген белги берет.
ORTHOLINER тууралуу кененирээк маалыматты www.ortholiner.kz сайтынан алууга болот.
Кыргызстан, Бишкек, 8-кичи район, Токомбаев көчөсү, үй номери 46/2, NANO стоматологиясы.
Телефондор: +996 (707) 976 636; +996 (312) 976 636.
Дарыгер Чолпон Кумашевна Рысалиева.
Булак: super.kg