Бишкектен уурдалган “Рендж Ровер” Оштон табылды. Прокурор Алмаз Абжалиевдин кандай байланышы бар?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

4-апрель күнү уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) мүчөлөрү алдын ала пландашып, Н.Б. аттуу ишкерге кол салышып, “Рендж Ровер” автоунаасын күч менен тартып алышкан. Натыйжада, Ош шаарына бир түндө жеткиришет. Ал жактан прокурор Алмаз Абжалиев уурдалган машинаны айдап, Ысык-Ата РИИБнин оперлеринен качканын кандайча чечмелейбиз? Үрөй учурган окуянын өнүгүшү көп нерсени каңкуулайт. Биз чийеленген түйүндүн изи менен барабыз…

Автобазардан сыр алдырбаган кардар “Жолдошбек”
3-апрелде Н.Б. аттуу жаран “Риом” автобазарына “Рендж Ровер” үлгүсүндөгү машинасын сатканы барат. Ал жерден өзүн “Жолдошбек” деп тааныштырган адам пайда болуп, “Рендж Роверди” айланчыктап, атасына сатып берерин айтат, сыр алдырбай… Эртеси кайра жолугушууну өтүнүп, баса берет.

Караңгы талаадан кол салышып, “Рендж Роверди” айдап кетишет
Ошентип, 4-апрелде Жолдошбек сатуучуга телефон чалып, Анкара-Достоевский көчөлөрүнүн кесилишинен 19.00 чамасында кезигишет. А жерден машинаны мойкага жуудурушуп, жакын эле жердеги атасына айдап барып көрсөтөрүн айтып, рулга отурууну суранып атпайбы. Достоевский менен түштүк тарапка багыт алышат. Ахунбаев көчөсүнө жетпей аял киши кардарга чалып, атасы намаз окуп атканын, кичине күтүү керек экенин билдиргени кызык. Ошол арада “Рендж Роверди” сол тараптагы талаага буруп, бир аз жүрүп токтошот. Мындайда ички туюм аркылуу шойкомдуу нерсе байкалат эмеспи. Сыртка чыгып тамеки чегишет. Жолдошбек кайрадан рулга отуруп, жанына Н.Б. жайгаша баштаганда арткы эшик күтүүсүздөн ачылып, кол салуу орун алат, дароо эле муунта баштайт. Жабырлануучу машинадан качып чыкканда сыртта акмалап турган адамдардын алдыңкысы бетке тээп, кайрадан машинага сүйрөп киришет. Баса калышып. Колу-бутун, көздөрүн, денесин скотч менен шапа-шупа байлашып, “жашагың келсе тынч отур” деп коркутушат. А жерден көп өтпөй жабырлануучуну жеңил унаага зордоп салышып, эки адамдын коштоосунда белгисиз тарапка бет алышканы айкын. А “Рендж Роверге” берки үчөө түшкөн боюнча караңгы түнгө сиңип кетишет…

Өлүм алдында жаткан жабырлануучуну койчу көрүп калып, Кудай сактады
Денеси таңылган, көзү эч нерсени көрбөй кете берген абалды элестетүү өтө кыйын. Кайда баратканы белгисиз, улам ар кайсы жерден токтошуп, психологиялык басым, коркутуп-үркүтүүлөрдү жасашып, тапанча такашып, айтор, Н.Б. тирүүлөй кыйноого алына баштайт. Түн ортосунда жабырлануучуну коркутушуп, ичине курал такашып, вотсаптан үн жазуу аркылуу аялына СМС жөнөттүрүшөт. Алматыга барганын, кайра жолго чыгып, барып каларын айттырышып…
Ошентип, эртеси 5-апрелде түштөн кийин Ысык-Ата району менен Казакстандын чектешкен аймагына, каналдын боюна жабырлануучуну алып келишип, жаткырып коюшат. Ушул жерден таңгаларлык жагдайга токтололу. Алар Н.Б.га дароо эле кол салбай, же сууга ыргытып жиберишпей, кимдир бирөөнүн телефон чалуусун күтүп калышкандай кырдаал жаралганбы? Аңгыча кой кайтарып жүргөн адам окуяга күбө болот да, милицияга кабар бергенге үлгүрүп атпайбы. Болбосо денеси скотчтолгон боюнча сууга чөктүрүп жиберишмек экен. Кудай сактаптыр. Көп өтпөй Ысык-Ата РИИБнин оперлери келе калышып, эки эркек, бир аялды колго түшүрүшөт. Балыкчы шаарынын тургуну – К.Н. (1998-ж.), Бишкек шаарынын жашоочулары – С.К. (1994-ж.) жана М.А. (1994-ж.) убактылуу кармоочу жайга киргизилген. КР кылмыш кодексинин “Адам урдоо” (145-берене), “Карактоо” (207-б.), “Коркунучта калтыруу” (144-б.) аракеттери менен айыпталышып, тергөө амалдары жүрүүдө.


Прокурор Абжалиев уурдалган “Рендж Ровер” менен Ош ШИИБге качып келгенде
Андан ары милиция кызматкерлери “Рендж Роверге” издөө жарыялашып, ыкчам аракетке өтүшөт. 5-апрель, кечке маал. Бул убакта машина Ошко жетип калганын, “Нур заман” элиталык үйүнүн жертөлөөсүндө турганын аныкташат. Ал жер байкоого алынып атканда… Аңгыча көз айнекчен адам келип, машинаны айдай баштаганда милиция кызматкерлери токтотууга аракет жасашса да болбой, качып жөнөйт. Куушмай. Түз эле Ош ШИИБнин короосуна келип токтоп, шектүү адам ичкери кирип кетип, Ысык-Ата РИИБнин оперлерине бөгөт коюлуп, сыртта калышканы түшүнүксүз. Бир канча убакыттан кийин береги качып кеткен көз айнекчен Ош ШИИБден чыгып, шашкалактап калат. Айыбы ачылганын сезип атат да. Күтүп турган оперлер суроо беришсе, уурдалган “Рендж Ровердин” ачкычын кимден алганын, кандайча минип жүргөнүн айтпай, кайпактап, жооп берүүдөн баш тартат. Көрсө, ал прокурор Алмаз Абжалиев экен. (Экс-депутат Алиярбек Абжалиевдин иниси болуп чыгууда). Ош шаардык прокуратурада иштеген кызматкер. Мына сага! Оперлердин укуктары чектелүү болгону үчүн аны камакка ала алышпайт. “Мыйзам жол бербейт” таризинде.
Көмүскөдөгү байланыштар, кызматтагы адамдардын жүздөрү ачылабы?..
Дал ушул татаалдашкан иш боюнча суроо берели: Ошондо УКТ менен прокурор Алмаз Абжалиев байланышта болуп атса, тергөөнүн жүрүшүнө кыянаттык жасап, ички сырларга бөгөт койбойбу? Себеби, Бишкектен “Рендж Ровер” түз Ошко жеткенден кийин “бизнес өнөктөштөр” айыптары ачылбасы үчүн жан үрөшөт да, туурабы? Андыктан дыкат иликтөө, кыраакылык менен мамиле жасоо зарыл. Эгерде Ысык-Атанын оперлери келип машинанын табышпаса, Тажикстанга сатылып кетет беле? Биздин божомолдор, күмөн саноолор тегин жерден жаралган жок. Тийешелүү органдар акыйкаттык, мыйзам үчүн кылмышка катышкан адамдарды толугу менен кармашарына ишене туралы. Азырынча “Рендж Роверди” Ош шаарына жеткирген уюшкан кылмыштуу топтун үч адамы колго түшө элек. Прокурор Алмаз Абжалиев кармалган жок, эмнеге чара колдонулбай атат? Келечекке карай көмүскөдөгү байланыштар, кызматтагы адамдардын жүздөрү ачылабы?..
Соңку сөз ордуна
Башкы прокурор Курманкул Зулушев бул окуя боюнча эмне дейт? Бакыйган кызматкери УКТ менен камыр-жумур аралашып, кылмыштуу бизнес кылып жатса да көз жумуп коёбу? Эгерде жаза тайып билинип калбаганда, уюшкан мафия карасанатайлык менен оңой олжону сиңирип коюшмак да. “Балык башынан сасыйт” дейт. Шек кетти. Эми Курманкул Зулушев өз тармагын сыйласа, калыстыкты карманса, анда Алмаз Абжалиевди калкалабай, мыйзам алдында жазалоого мүмкүнчүлүк түзөбү? Күтө туралы.

Aryba.kg

Аргумент.kg