Тергөө абагындагы Осмонбек Артыкбаевге тез жардам чакырылды
23-тогуздун айы, 2018-ж // //
Артыкбаев Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупциялык иштердин алкагын кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген болчу.
УКМКнын тергөө абагында кармалган депутат Осмонбек Артыкбаевге тез жардам чакырылды. Бул билдирүүнү УКМКнын маалымат кызматы тастыктады.
УКМКнын тергөө абагында кармалган депутат Осмонбек Артыкбаевге тез жардам чакырылды. Бул билдирүүнү УКМКнын маалымат кызматы тастыктады.
Ага ылайык, Артыкбаевдин ден соолугу начарлап кеткен.
«Учурда абалы жакшы. Өзүн жакшы сезип калды», — дешти комитеттен.
Артыкбаев Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупциялык иштердин алкагында кармалган.
Белгилей кетсек, жайында Артыкбаевдин жүрөгүнө операция жасаганы айтылган.
Булак: Спутник