Саясат

Темирлан Султанбеков саясаттан пул жасап, элиталык үйдөн батир алдыбы?

Жаш болсо да чоң саясатчылар менен теңтайлашкан Темирлан Султанбековдун өнөрү күч экен. “Социал-демократтар” партиясын эки ирет Бишкек шаардык кеңешине алып чыгып, жыйынтыгында, беш мандат алууга жетишти. Ошол кездерде партиясына талапкерлерди каттоодон пул жасап, элиталык үйдөн эки бөлмөлүү батир алып койгону ыраспы? “Бала баатыр” саясаттын ой-кырын эрте түшүнүп, көшөгө артынан көп оюндарга аралашып, керек учурда бийлик менен соодалашууга барып, көптөрдүн башы жетпеген жүрүштөрдү жасап келет. Учурда Кадыр Атамбаев экөө Кой-Таштагы хансарайда бирге күн кечиришип, күзгө карай “Барбаросс пландарды” түзүп атышканы жашыруун эмес. Парламенттик шайлоого даярданган Темирлан Султанбеков бийлик, мансапка жетүүнү ашкере кыялданып, бир эсе күзгү толкундоолорго салым кошууга ашыгып атабы? Дымагы күч. Тайгаланып жыгылбайбы?..

“Азия Ньюс” гезити

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *