Текебаевди соттогон Эрнис Айбек уулу нашаа чегеби?
26-чын куран, 2019-ж // //Алгач Биринчи Май райондук соту Эрнис Айбек уулу Өмүрбек Текебаевди соттогону жамы журтка белгилуү. Кыйла сын-пикирлер, нааразычылыктар айтылган. Акылдан тыш окуялар өттү. Кеп азыр башкада. Биз ошол урматтуу сотко суроо берели:
— Эрнис мырза, сиз курсташтарыңыз, досторуңуз менен чер жазганда нашаа чегесизби? («Агынан» же «кызылынан» алсаңыз коомчулукка жаңылык деле болмок эмес.) «Уккан кулакта жазык жок» дейт. Дал ушул суроого жооп бере аласызбы? Ээн талаадагы күндөрдү, же жабык жердеги түндөрдү эстей аласызбы?.. Сиз мындай «кумарлануу» менен адамдардын тагдырын каалагандай калчай берсеңиз болобу? Аягы кантет? Мамлекеттик кызматта, өзгөчө сот жоопкерчилигинде акактай таза болуу керек го? Биз сизге суроо бердик, жообун бересизби? Же?..
Булак: «Азия Ньюс»