Сооронбай Жээнбеков туура бир жыл мурда, тагыраагы, былтыр 15-октябрь күнү өлкө башчы болуп шайланган.
Ушул мезгил аралыгында мамлекет жетекчиси ар кайсы өлкөлөргө каттап, эл аралык аренада бир топ иштерди аткарды. Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги президенттин кесиптештери менен кол кысышканынан тарта БУУда сүйлөгөнүнө чейинки сүрөт түрмөгүн даярдады.
Жээнбековдун өлкө башчы катары алгачкы иш сапары Россияга болгон. Анда «жаңы башчыбыз кантээр экен?» деп, демин ичине кармап турган эл президенттин учактан чыгып келе жатканын көрүп эле таң калган. Анын өзүнө куп жарашкан пальтосу, кылычтай түз кармаган бою, салабаттуу келбети көпчүлүккө чындап эле жаккан болчу.
© ПРЕСС-СЛУЖБА ПРЕЗИДЕНТА КР Сооронбай Жээнбеков биринчи чет элдик сапарын Москвага жасады
Сооронбай Жээнбеков менен Нурсултан Назарбаевдин Минск шаарында ЖККУнун кезектеги жыйынындагы жолугушуусу. Дал ушул кол алышуудан кийин кыргыз-казак чек арасындагы оор кырдаал жөнгө салынган.
© ПРЕСС-СЛУЖБА ПРЕЗИДЕНТА КР / СУЛТАН ДОСАЛИЕВ ЖККУнун Минск шаарындагы кезектеги жыйынында казак президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуусу
Ал эми алгачкы расмий сапары менен Өзбекстанга барган. Анда ал өзбек лидери Шавкат Мирзиёевге «Данакер»орденин тапшырган.
© SPUTNIK / ТАБЫЛДЫ КАДЫРБЕКОВ Алгачкы расмий сапар. Өзбекстан, 2017-жылдын декабрь айы
Кыргызстан, Россия жана Казакстандын президенттеринин бул сүрөтү социалдык тармактарда кызуу талкууланган. Айрымдар Путин бир тууган эки элди элдештирүүнү көздөп жатыптыр деп айтып чыгышкан.
© ПРЕСС-СЛУЖБА ПРЕЗИДЕНТА КР / СУЛТАН ДОСАЛИЕВ Россия президенти Владимир Путин жана Казакстан лидери Нурсултан Назарбаев менен
Апрель айында расмий сапар менен Түркияга, андан ары Бельгияга барган. Сапарлардын алкагында өлкө башчы түркиялык кесиптеши Режеп Тайип Эрдоган жана Евробиримдиктин жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.
© ПРЕСС-СЛУЖБА ПРЕЗИДЕНТА КР / СУЛТАН ДОСАЛИЕВ Бельгияга болгон иш сапары учурунда
Сочи шаарында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны аяктагандан кийин президенттер калааны аралай басышкан.
© ПРЕСС-СЛУЖБА ПРЕЗИДЕНТА КР / СУЛТАН ДОСАЛИЕВ ЕАЭБ өлкөлөрүнүн башчылары менен Сочи шаарында
Жээнбеков 24-26-сентябрда Америка Кошмо Штаттарынын Нью-Йорк шаарына барып БУУнун 73-сессиясына катышты. Сүрөттө перзиденттер жубайлары менен.
© ПРЕСС-СЛУЖБА ПРЕЗИДЕНТА КР / СУЛТАН ДОСАЛИЕВ АКШ менен Кыргызстандын президенттери жубайлары менен. Нью-Йорк шаары
Башкаруусунун биринчи жылында эле Жээнбеков Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында сөз сүйлөгөнгө жетишти.
© ПРЕСС-СЛУЖБА ПРЕЗИДЕНТА КР / СУЛТАН ДОСАЛИЕВ Жээнбеков Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында сөз сүйлөп жаткан учур
Жээнбеков Душанбеде КМШ мамлекеттеринин башчылары менен.
© ПРЕСС-СЛУЖБА ПРЕЗИДЕНТА КР / СУЛТАН ДОСАЛИЕВ Жээнбеков Душанбеде КМШ мамлекеттеринин башчылары менен
Ошол эле күндөрү Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш менен жолуккан.
© ПРЕСС-СЛУЖБА ПРЕЗИДЕНТА КР / СУЛТАН ДОСАЛИЕВ Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш менен Булак: Спутник